Казакстанда 2021-жылы кагаз иштери толугу менен жоюлат

Egov порталынын мобилдик маалымат базасына катталуу үчүн электрондук кол тамга талап кылынбайт. Ал үчүн смартфонго келбетти көрсөтүү жетиштүү. Үстүбүздөгү айдын аягына чейин тутумга биометрика аркылуу  катталууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында айтылды. Ал эми эң көп талап кылынган документтер egov mobile тиркемесине  санарип түрүндө чыгарылат. Санарип кызматка жеке күбөлүктөн тышкары айдоочулук күбөлүгү, дипломдор жана башка документтер киргизилет. Ошондой эле жыл соңуна чейин 30 жакын күбөлүк түрүн берүүнү жокко чыгаруу мерчемделүүдө. Жарандар керектүү маалымат менен түз телефон аркылуу аныктама суратпай эле бөлүшө алышат. QR-кодун көрсөтүп же мессенджер аркылуу сунуш берүүгө болот.

Аскар Мамин, Казакстандын Премьер-министри:

- Смартфон колдонуучулардын саны өсүүдө, бул жаатта мамлекеттик кызматтар менен тейлөөнү мобилдик платформада көрсөтүү зарылдыгы артып жатат. Эң керектүү делген коомдук маанидеги мамлекеттик кызматтарды мобилдик форматка өткөрүү ишин күчөтүү керек. Санариптик өнүгүү министрлигине, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте бардык социалдык маанилүү мамлекеттик кызматтарды eGov мобайлга өткөрүү боюнча планды бекитүүнү тапшырам. Жалпысынан 2021-жылы кагаз тастыктамаларга болгон муктаждыкты толугу менен жоюшубуз керек. Жарандар үчүн Өкмөт корпорациясынын кызмат көрсөтүүлөрүн жана бардык онлайн кызматтар менен сервистердин  100% жеткиликтүүлүгүн камсыз кылышыбыз керек.

Электрондук түрдө көрсөтүлө турган кызматтардын саны дагы өсүүдө. Азыркы учурда 700 жакын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн 85,5% онлайн түрдө жеткиликтүү. Жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 90% жеткирүү пландалууда. Мындан тышкары, 1414 Call-борборуна жүктү азайтып, байланышты күтүү убактысын кыскартуу үчүн жасалма интеллект элементтери аркылуу көп берилүүчү суроолорго жооп берүүнүн алгоритми киргизилет.

 

Фото: turantimes.kz


×