Абайдын чыгармаларынын англис тилиндеги жыйнагы жарык көрдү

Абайдын чыгармаларынын англис тилиндеги жыйнагы жарык көрдү

Улуу Британияда Абайдын чыгармаларынын англис тилиндеги алгачкы толук жыйнагынын бет ачары болуп өттү. Иш-чара  казактын улуу классигинин 175 жылдык мааракесинин алкагында жүзөгө ашырылып жатат. Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова онлайн-бет ачарда акын, философ жана агартуучунун ата мекендик жазма адабияттын өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи. Улуу акындын мурасы казакчадан англис тилине түпнускага жакыныраак, түз которулган. Азырынча чектелүү тираж менен басылып чыккан китептер жергиликтүү университеттер менен китепканаларга таратылып берилет, ошондой эле онлайн окууга да мүмкүнчүлүк бар.

АКТОТЫ РАИМКУЛОВА, КАЗАКСТАНДЫН МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРИ:

- Англис тили - миллиарддан ашуун адамдын жалпы тили. Абайдын толук чыгармалар жыйнагынын англис тилине которулушу акындын чыгармалары миллиарддаган окурмандарга сунушталат дегенди  билдирет.

ПИТЕР ФИЛЛИПС, КЕМБРИДЖ УНИВЕРСИТЕТИ БАСМАКАНАСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Долбоор боюнча Казакстандагы өнөктөштөрүбүз менен иштешип, биз казактын бай мурасын дүйнөлүк коомчулукка тааныштыра алабыз деп үмүттөнөбүз. Жыйнакка 145 ыр, 3 поэма жана кара сөздөр кирди.

 

Фото: 24.kz


×