Казакстандыктар пенсиялык топтоо каражаттарынын бир бөлүгүн алганда киреше салыгын төлөбөйт

Казакстандыктар пенсиялык топтоо каражаттарынын бир бөлүгүн алганда киреше салыгын төлөбөйт

Жарандар пенсиялык топтоо каражаттарынын бир бөлүгүн алганда бир жолку киреше салыгын төлөбөөгө мүмкүндүк алды. Бул тууралуу Сенат төрагасы Маулен Ашимбаев билдирди. Төрага Мамлекет башчы  Касым-Жомарт Токаев 2021-жылдан баштап пенсиялык топтоонун бир бөлүгүн пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырма бергендигин, бирок бул каражат үчүн киреше салыгын төлөө керек экендигин белгиледи. Бул маселе коомчулукта нааразычылыкты пайда кылган. Ошондуктан сенаторлор бул төлөмдү кийинкиге жылдырууну жана бир нече жылга бөлүп төлөөнү сунушташты.

МАУЛЕН АШИМБАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН СЕНАТЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Пенсия топтоодогу каржынын бир бөлүгүн алдын ала алууда бир жолку салык катары 10% төлөш керек экени белгилүү. Аны азыркыдай оор мезгилде жарандар үчүн натыйжасыз деп эсептейбиз. Ошондуктан аталган салыкты пенсиялык топтоолорду алган учурда  эмес, пенсияга чыккан соң гана төлөө сунушталып жатат. Ошондой эле бардыгын бир эле учурда которбостон, мыйзам долбооруна 16 жылдын ичинде бөлүп төлөө тууралуу жобо киргизилди.

 

Фото: inbusiness.kz


×