Astana Media Week 2020 медиа жумалыгы башталды

Astana Media Week 2020 медиа жумалыгы башталды

Борбор калаада Astana Media Week-2020 медиа жумалыгы башталды. Мындан үч жыл мурун башталган Борбордук Азия аймагындагы эң ири медиа окуя  бүгүнкү күндө салттуу иш-чарага айланды. Быйылкы медиа жумалык мурдагыдан башкача өтөт. Анткени спикерлер катышуучулар менен онлайн форматта жолугушууда. Салтка айланган иш-чаранын ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Маалымат жана коомдук өнүгүү министри Аида Балаева заманбап журналистиканын башкы милдети - коомчулукка өз убагында тез жана ишенимдүү маалымат берүү экендигин белгилеп өттү.

АИДА БАЛАЕВА, РКНЫН МААЛЫМАТ ЖАНА КООМДУК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРИ:

- Негизги милдет - калкты ыкчам жана ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу. Андыктан  жаңы технологиялар кылымы, жаңы медиа жана байланыш каражаттары пайда болгон сайын бул милдет күн сайын татаалдашып баратат. Чындыгында эле азыркы учурда каалаган адам жаңылыктардын булагына айлана алат жана иш жүзүндө кээде жалган маалымат менен коомчулукту адаштырышы мүмкүн. Ошондуктан  биз үчүн кесипкөй журналистиканын өнүгүшү маанилүү.

Быйылкы жумалыкта актуалдуу маселелердин бири катары пандемия шартындагы ЖМК темасы өзгөчө талкууга түштү. Адистердин айтымында, коронавирус учурунда аудитория туура маалымат издеп, салттуу маалымат булактарына көбүрөөк таянган. Белгилей кетсек, Astana Media Week 2020нын негизги максаты – ата мекендик медиа тармакты өнүктүрүү жана индустриядагы ишкерлик мамилелерди регионалдык жана эл аралык деңгээлде илгерилетүү болуп саналат.

 

Фото: almaty.tv


×