ЖОЖдор үчүн жаңы эрежелер

ЖОЖдор үчүн жаңы эрежелер

Жогорку окуу жайларындагы иш кагаздарынан арылуу. Мындан ары бул жумуш толугу менен онлайн форматка өткөрүлөт. Жогорку окуу жайларындагы ушул жана башка маалыматтар тууралуу билим берүү жана илим вице-министри Мирас Дауленов баяндады. Ошентип, квалификациялуу адистерди даярдоого тоскоол болгон бир катар милдеттүү эрежелер алынып салынат. Мирас Дауленовдун айтымында, өлкөнүн университеттерине биринчи кезекте тажрыйба жүзүндө иш алып барган кызматкерлер керек. Ошондой эле анын маалымдашынча, окуу акысы менен грант баасынын шайкештиги жөнүндөгү талап да эми эскерилбейт.

МИРАС ДУАЛЕНОВ, КАЗАКСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Мунун бардыгы жогорку билим берүү тутумундагы убакыттын тардыгын жоюу үчүн жасалууда. Мындан тышкары, жогорку окуу жайларында отчёттордун көлөмү бир нечеге кыскартылат. Бул негизинен түзмө-түз мугалимдерге арналган отчёттор. Алар көп убакытты алат. Мааниси да азыраак. Эсиңиздерде болсо, буга чейин студенттердин, магистранттардын жана докторанттардын сынак китепчелери алынып салынган эле. Эми жакында кабыл алынган буйрукка ылайык, мугалимдер менен башка да  кызматкерлердин жумуш күнүнө байланыштуу отчёт берүү жараяны алынып салынды. Мунун бардыгын электрондук түрдө жасоого болот. Аны кагаз түрүндө толтуруунун кажети жок. Бул мугалимдердин ишин бир топ жеңилдетет.

 

Фото: kapital.kz


×