Astana Media Week 2020 жетинин айынын 11-13-күндөрү өтөт

Astana Media Week 2020 жетинин айынын 11-13-күндөрү өтөт

Медиа рыноктун тенденциялары «Astana Media Week» форумунда талкууланат. Жетинин айынын 11-13-күндөрү өтө турган иш-чаранын онлайн аянтчасына белгилүү журналисттер, редакторлор, продюсерлер, продакшн студиялардын жана ата мекендик ЖМК өкүлдөрү катышат. Медиа Жумалыктын катышуучулары «Медиа-контентти керектөөнүн глобалдык тенденциялары - божомолдор, медианын өнүгүү сценарийлери, жаңы тенденциялар, жарнама базарына сереп салуу», «Пандемия жана ЖМКга деген ишеним каатчылыгы», «Учурдагы каатчылыктар менен күрөшүүнүн эффективдүү жолдорун издөө», «Редакциялардын жаңы кырдаалдагы иши» жана башка темаларды талкуулашат. Мындан тышкары, медиа чөйрөсүндө адамдык ресурстарды көбөйтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган заманбап медианын актуалдуу маселелери боюнча бир катар семинарларды өткөрүү мерчемделүүдө. Акыркы күнү басма сөз, радио жана интернет журналистика жаатында «Үркер-2020» Улуттук сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи онлайн өтөт. Иш-чаранын алкагында ата-мекендик жана чет элдик ЖМКлардын, республиканын бардык аймактарынан келген продюсердик компаниялардын катышуусунда көргөзмө уюштурулат.

 

Фото: inform.kz


×