Казакстанда «Жаңы кырдаалдагы жаштар: иш-аракет мезгили» долбоору ишин баштайт

Казакстанда «Жаңы кырдаалдагы жаштар: иш-аракет мезгили» долбоору ишин баштайт

Казакстанда жаштарды жаңы шартта бириктирүү, интеллектуалдык жөндөмдөрүн жана жеке капиталын өнүктүрүүгө багытталган жаңы онлайн-долбоор ишин баштайт. Бул тууралуу Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин Жаштар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрагасы Шахмардан Байманов билдирди.

Анын айтымында, долбоор алкагындагы иш-чаралар 4 негизги багыт боюнча жүзөгө ашырылат. Алардын катарында долбоордун ачылыш аземи, «Online Bilim», «Online Dialog» жана «Open talks» бар. Ошол эле учурда «Online Bilim» блогу жаштардын жеке сапаттарын жана кызматтарын өркүндөтүүгө багытталган. Ал эми «Online Dialog» мамлекет менен жаштардын ортосунда пикир алмашуу жана тажрыйба алмашуу үчүн негизги аянтча болмокчу. Өз кезегинде «Open talks» жаштардын көндүмдөрүн, идеяларын, стартап-долбоорлорун жана ыктыярчылык демилгелерин жайылтат. Спикерлердин айтымында, долбоорго 14-29 жаш аралыгындагы жаштар катыша алат. Долбоор жетинин айынын 9 башталып, бир айга созулат.

ШАХМАРДАН БАЙМАНОВ, МААЛЫМАТ ЖАНА КООМДУК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАШТАР ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨ ИШТЕРИ  КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Социалдык натыйжалуулук - бул биринчи кезекте жаштарды толук камтуу, жаңы кесиптерге үйрөтүү. Долбоорго катышкан жаштарды аянтчаларга бөлдүк. Алар жаңы жактарынан ачылып, жаңыланууну үйрөнөт деп ишенебиз. Себеби, кандай гана долбоор болбосун, биринчиден бири-бири менен баарлашууну көздөйт. Буга байланыштуу биз жаштарды колдой турган убакыт дал ушул мезгил, пандемия чаралары бардык жерде күчөтүлүп жаткан мезгил деп эсептейбиз. Албетте, санитардык чараларды толук сактоого көңүл бурабыз. Ошондуктан онлайн форматта өткөргөнү жатабыз. Биринчиден, бул жаштарга үйдө, жумуш ордунда, айылдарда отуруп ушундай ири долбоорго катышууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Фото: ortcom.kz


×