Казакстан өнүктүрүү банкынын каржылоосу алкагында Жамбыл облусунун беш айылы газдаштырылат

Бүгүн Жамбыл облусундагы калктуу конуштардын жарымынан көбү газдаштырылды. Буга катар аймактагы эски газ бөлүштүрүү тутумдарынын болжол менен 70% жаңыланды. Аймакта 2011-жылдан 2019-жылга чейин дээрлик 1000 чакырым эскилиги жеткен газ түтүктөрү алмаштырылды. Эми Жамбыл облусунун тургундары көгүлтүр отунду үзгүлтүксүз алышат. Жакынкы аралыкта Кордай аймагында дагы 42 чакырым газ түтүгү курулат. Бул аталган аймактын 50 миңден ашуун тургуну жаратылыш газы менен камсыз болот дегенди билдирет. Газ түтүктөрүн модернизациялоо жана куруу иштери «Байтерек» холдингинин туунду компаниясы болгон «Казакстан Өнүктүрүү Банкы» ААКнын каржылоосу менен жүргүзүлөт.

САКЕН ИСМАЙЛОВ, ЖАМБЫЛ ӨНДҮРҮШТҮК АО «КАЗТРАНСГАЗАЙМАК» ФИЛИАЛЫНЫН МҮДҮРҮ:

 - Тараз шаарын модернизациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн биз Казакстандын Өнүктүрүү Банкынан 16 миллиарддан ашуун, ал эми Кордай аймагы үчүн полиэтиленден жасалган жогорку басымдагы газ түтүгү жана газ түтүгүнүн курулушуна үч миллиарддан ашык каражат тарттык.

Масанчи, Каракемер, Сортөбе, Булар батыр, Аухатты, Кордай району. Бул айылдар аймакта биринчилерден болуп көгүлтүр от менен камсыздалат. Жылдын аягына чейин 5000ден ашуун турак жай жана социалдык чөйрөнүн, ишкердиктин 274 объектиси көгүлтүр отунга кошулат.

АСЕМ ШАКЕНОВА, КАЗАКСТАН ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН КАРДАРЛАР МЕНЕН ИШТӨӨ ДИРЕКЦИЯСЫНЫН БАНКИРИ:

 - Казакстан өнүктүрүү банкынын каржылоосу алкагында Жамбыл облусунун беш айылы газдаштырылат Өнүктүрүү Банкынын каржылоосу менен Тараз, Актөбе, Кызылорда жана Түркестан облустарынын газ бөлүштүрүүчү тармактары курулуп, жаңыртылды. Үстүбүздөгү жылдын тогуздун айында Жамбыл облусунун Кордай районундагы 5 калктуу конушту газдаштырууну каржылоо үчүн 3,6 миллиард теңге суммасына кредиттик линия көбөйтүлдү.

Жалпысынан, Казакстандын Өнүктүрүү Банкы "КазТрансГаз Аймак" АКнын өлкөдөгү газ бөлүштүрүүчү тармактарын курууга жана модернизациялоого багытталган жалпы суммасы 77,5 миллиард теңгени түзөт. Эми айыл тургундары кыш мезгилинде жылытуу боюнча кыйынчылыктар артта калат, - деп үмүттөнүп жатышат. Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруу атмосферага зыяндуу заттарды азайтуу менен аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга мүмкүндүк берет.

 

Фото: inform.kz


×