Бир катар аймактарда санитардык талаптар күчөтүлдү

Бир катар аймактарда санитардык талаптар күчөтүлдү

Өткөн күнү Казакстанда дагы 442 адам коронавируска чалдыкты. Алардын 245 Чыгыш Казакстан облусунда катталды. Аймакта кооптуу инфекциялар жайылып жаткандыктан жергиликтүү бийлик чектөөлөрдү күчөттү. Кечээ чыгышка 13 санитардык бекет коюлду. Алардын жетөө Өскемендин кире беришинде жана дагы алтоо район, шаар аймактарында иш алып барышат. Ошондой эле коңшу мамлекеттер менен чектешкен чек ара бекеттерине орнотулган. Ал эми санитардык талаптарды 11 байкоо тобу көзөмөлдөп турат.

АРМАН САГЫНДЫКОВ, ӨСКЕМЕН ШААРДЫК МАМЛЕКЕТТИК БАШКЫ САНИТАРДЫК ДАРЫГЕРДИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Бизде мониторингдик топтор түзүлдү. Себеби, санитардык бекетте гана эмес, шаардын ичинде дагы иштөө керек. Рейд жүргүзүлүп, беткап тагынуу маселеси текшерилет.

Ошондой эле Караганды облусунда да коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Жетинин айынын 4нөн баштап облуста 3 санитардык бекет ишке кошулат.

Белгилей кетсек, азыркы учурда өлкө боюнча бейтаптардын саны 112 миңден ашты. Деген менен эпидемиядан айыгып чыккандардын  саны да өсүүдө. Ушул күнгө чейин жалпы 106 миң 514 адам COVID-19 илдетинен  айыгып чыкты.

 

Фото: liter.kz


×