Абайдын чыгармалары Сеул китепканаларында жеткиликтүү

Абайдын чыгармалары Сеул китепканаларында жеткиликтүү

Абайдын чыгармалары эми Сеул окурмандары үчүн да жеткиликтүү. Улуу акындын чыгармаларын тапшыруу аземи Түштүк Кореянын борборундагы ири китепканалардын биринде өттү. Казакстан  элчилигинин өкүлдөрү Сонбук райондук китепканасына Абайдын корей тилиндеги 20 чыгармалар жыйнагын тапшырды.

ЛИ ГОН ВАН, СОНБУК МАДАНИЙ ФОНДУНУН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Абай - казактын улуу акыны жана философу деп уккам. Мен китептерди белек кылгандыгы үчүн Казакстандын элчилигине ыраазычылык билдирем. Биз мүмкүн болушунча Абайды даңазалаганга аракет кылабыз.

Сонбук - Сеулдун маданий району болуп саналат. Бул жерде 14 китепкана иштейт. Эми алардын ар биринен Абайдын чыгармаларын табууга болот. Мисалы, бул китепканада чет мамлекеттен келген  үй-бүлөлөрдүн балдарына арналган зал бар. Кире бериште бут кийимди чечип, чыгармаларды жылуу кабатта жатып окууга болот. Белгилей кетсек, мында Казакстандын жараны Асель Маханованын аркасы менен казак тилиндеги чыгармалар текчеси пайда болгон.

АСЕЛЬ МАХАНОВА, СЕУЛ ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Мен негизинен казак, орус жана корей адабияттарын окуйм. 2013-жылы Сонбуктагы эң чоң китепканага биринчи жолу бардым. Ар кайсы тилдеги чыгармаларды көрдүм. Бир гана казакчасы жок эле.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Сеул китепканалары жаңы эрежелер менен иштөөдө.

Китепканаларда китептер дагы дезинфекцияланат. Атайын шайман барактарды 30 секунд ичинде дезинфекциялайт.

 

Фото: eadaily.com


×