Өлкөнүн ар бир жараны «Байланыш бар» веб-сайты аркылуу интернет сапатына баа бере алат

Өлкөнүн ар бир жараны «Байланыш бар» веб-сайты аркылуу интернет сапатына баа бере алат

Казакстандын калктуу конуштарындагы интернеттин сапатын көзөмөлдөө үчүн эки жол тандалды. Анын бири «Байланыш бар» коомдук көзөмөл кызматы. Ал бүгүнкү күндө толук кандуу иштеп жатат. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмос министри Багдат Мусин Борбордук байланыш кызматында өткөн брифингде билдирди. Министрдин айтымында, өлкөнүн каалаган жараны «Байланыш бар»  веб-сайтына кирип, бир гана баскычты басуу менен байланыш сигналынын сапаты жөнүндө кабардар боло алат. Ошентип, министрлик кандайдыр бир айыл-аймактын так координаттары менен интернеттин ылдамдыгы канчалык деңгээлде иштегендиги тууралуу маалыматтарды топтой алат. Андан кийин интернеттин сапатын текшерген инспекторлор өз ишине киришет. Министр бул тиркемеге интернет өтө начар иштеген конуштардан кошулууга мүмкүн боло тургандыгын, эң башкысы тиркеме өкмөт тарабынан каржыланбай тургандыгын белгиледи.

БАГДАТ МУСИН, КАЗАКСТАНДЫН САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ,  ИННОВАЦИЯЛАР  ЖАНА АЭРОКОСМОС ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРИ:

- Биз айтып жаткан нерсе - бул интернеттин сапаты. Интернеттин сапатын жогорулатуу максатында маалымат топтоп жатабыз. Бул үчүн биз «Байланыш бар» кызматын ишке ашырдык. Бул ишкерлердин өздөрү келип сунуштагандары. Көптөгөн долбоорлор ушундай жол менен бизнес тарабынан жасалып жатат. Биз алар менен биригип,  жаңы Мамлекеттик жеке өнөктөштүк болсун же башкасы болсун, бирок биз тараптан каржыланбаган  ушундай долбоорлорду ишке ашырып жатабыз.

Мекеме башчысынын маалыматында, өлкөдө 18,7 миллион адам 6500 жакын калктуу-конушта жашайт. Анын ичинде 4751 калктуу-конуш интернет менен камсыздалган. Ошентип, Казакстанда калктын интернет менен толук камсыз болгон үлүшү 17,5 миллионго жетти.

 

Фото: matritca.kz


×