Мажилис экологиялык кодекс долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Мажилис экологиялык кодекс долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Заманбап технологияларды киргизүүнүн аркасында өлкөдөгү экологиялык кырдаал жакшырат. Бул жаатта алды менен  Казакстандагы 50 ири ишкананы эң алдыңкы технологиялар менен алмаштыруу мерчемделип жатат. Белгилей кетсек, курчаган чөйрөнүн булгануу көрсөткүчүнүн негизги бөлүгү аталган өндүрүш тармактарына тиешелүү. Мажилис ушул жана башка артыкчылыктуу багыттарды камтыган жаңы экологиялык кодексти биринчи окууда жактырды.

МАГЗУМ МЫРЗАГАЛИЕВ, РКНЫН ЭКОЛОГИЯ, ГЕОЛОГИЯ ЖАНА ТАБИГЫЙ РЕСУРСТАР МИНИСТРИ:

- Биринчи этапта мунай-газ, тоо-кен металлургиясы, химия жана энергетика тармактарына тиешелүү 50 ири ишкананы эң алдыңкы технологияларга өткөрүү мерчемделген. Белгилей кетүүчү нерсе, бул 50 ишканага жалпы булгануунун 80% тиешелүү. Кодекстин долбоорунда биринчи категориядагы ири ишканаларга тиешелүү курчаган-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоону жүргүзүү тууралуу талап каралган.  Алардын тизмеси кайра каралып, негизинен экологиялык кооптуу объекттерге өзгөчө көңүл бурулат.

Министр экологиялык уруксат ала элек биринчи категориядагы объекттер боюнча курчаган чөйрөнүн булганышы үчүн компенсациянын өлчөмүнө 2, 4 жана 8 эсе көбөйтүлгөн коэффициенттер колдонула тургандыгын баса белгиледи.

МАГЗУМ МЫРЗАГАЛИЕВ, РКНЫН ЭКОЛОГИЯ, ГЕОЛОГИЯ ЖАНА ТАБИГЫЙ РЕСУРСТАР МИНИСТРИ:

- Биз муну комплекстүү экологиялык уруксатка өтүүнү стимулдаштыруучу кошумча бир чара катары  карайбыз. Бул жаатта  биринчи категориядагы 50 ири ишкана үчүн мындай көбөйтүү 2025-жылдан, ал эми биринчи категориядагы калган объекттер үчүн 2031-жылдан башталат. Белгилей кетүүчү жагдай, 3 жыл сайын көбөйтүү коэффициенттери эки эселенип турат. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө иштеп жаткан ар бир ири ишкана эртең өз эрки менен тандоо жасайт. Мындай учурда ал айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизип, жыл сайын эселенген экологиялык төлөм төлөйт. Болбосо, эң алдыңкы технологияны киргизип, булгоочу заттардан арылып, эмиссия үчүн төлөнө турган төлөмдөрдөн бошотулат.

Мындан тышкары, министрдин айтымында, жаңыдан ишке кошулган ишканалар үчүн комплекстүү экологиялык уруксат алуу милдети каралган.

 

Фото: platon.asia


×