Казакстанга эл аралык авиакаттам менен келе турган жүргүнчүлөрдүн ПЧР аныктамасы болушу керек

Казакстанга эл аралык авиакаттам менен келе турган жүргүнчүлөрдүн ПЧР аныктамасы болушу керек

Өлкөгө эл аралык авиакаттам менен келе турган жүргүнчүлөрдүн ПЧР аныктамасы  болушу керек. Аталган документсиз жүргүнчүнү учакка отургузууга тыюу салынат. Бул эреже чет элдиктерге гана тиешелүү. Казакстан аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын чечимине өкмөттүн басма сөз кызматы түшүндүрмө берди. Чет өлкөлөрдө жүргөн Казакстан Республикасынын жарандарынын авиарейстер менен ПЧР-тесттен өткөндүгү тууралуу аныктамасы жок эле мекенине кайтууга укугу бар. Бул учурда Казакстанга келгенден кийин алар ПЧР-тесттин жыйынтыгы чыкканга чейин карантинге алынат. Казакстан Республикасынын аймактары ортосундагы ички авиакаттамдарынын учагына отургузуу учурунда ПЧР-тестинин жыйынтыгы тууралуу аныктама талап кылынбайт.

САДВАКАС БАЙГАБЫЛОВ, ТРАНСПОРТТОГУ БАШКЫ МАМЛЕКЕТТИК САНИТАРДЫК ДАРЫГЕР:

- Тогуздун айынын 26 баштап Мекемелер аралык комиссия коронавирус илдети аныкталган жок деген ПЧР-тести чет өлкөлүк жарандардан гана талап кылуу тууралуу чечим кабыл алган. Ал эми Казакстандын жарандары ПЧР аныктамасы жок чет өлкөлөрдөн Казакстанга учуп келүүгө укуктуу. Бирок биз чет жактарда жүргөн өлкө жарандарына эс алып жаткан өлкөлөрдөн ПЧР-тестин тапшырууга кеңеш беребиз. Себеби, азыр жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө тест тапшырууга эч кандай тоскоолдуктар жок. Эл аралык аэропорттордо, шаарларда жана мейманканаларда тест тапшырууга мүмкүн болгон жайлар иштейт. Ал эми жыйынтыгын бир суткадан кийин алууга болот.

 

Фото: nn-airport.kz


×