Казакстанда калкты суу менен камсыздоо 92,6% жетти

Казакстанда калкты суу менен камсыздоо 92,6% жетти

2025-жылга карата өлкө калкы сапаттуу ичүүчү суу менен толук камсыз болот. Бул тууралуу Өкмөт отурумунда Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбит Атамкулов билдирди. Мекеме башчысынын айтымында, быйыл шаарлар менен айылдарда суу менен камсыздоо жана канализация тармактарын өнүктүрүүгө  республикалык казынадан бөлүнгөн 113,6 миллиард теңгеге 303 долбоор ишке ашырылып жатат. Анын 64,5 миллиард теңгеси 234 айылдык долбоорго багытталган. Ошондой эле Бейбит Атамкулов Эл Башы тапшырмасына ылайык, «Айыл – Өлкө бешиги» программасы калктуу-конуштарды таза суу менен камсыздоо тутумун өнүктүрүүгө жыл сайын кеминде 100 миллиард теңге каражат бөлүнө турганын кошумчалады.

АСКАР МАМИН, КАЗАКСТАНДЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Суу менен камсыздоо жана канализация маселелери Өкмөттүн стратегиялык милдети болуп саналат жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга түздөн-түз таасир этет. Жалпысынан республика боюнча борборлоштурулган суу менен камсыздоо шаарларда 97,2%, айыл жеринде 86,4% түзөт. «Нурлы жер» мамлекеттик программасы боюнча 2025-жылга карата калктын 100% суу менен камсыз болот. Мунун аркасында биз калктын сапаттуу ичүүчү сууга жетүү көйгөйүн толугу менен чечебиз.

 

Фото: superbebe.ro


×