Kazakh TV телеканалынын түзүлгөнүнө – 18 жыл

«Хабар» агенттиги – төрт каналдын башын бириктирген телеүй-бүлө бүгүнкү күндө Европа казактары ​​арасында чоң суроо-талапка ээ. Алар агенттиктин курамына кирген «Хабар», «Хабар 24», «Kazakh TV» жана «EL ARNA»  телеканалдары аркылуу өлкөдө болуп жаткан акыркы жаңылыктардан кабардар болуп турушат. Санарип технологиясынын өнүккөн доорунда жергиликтүү өнүмдөр чет элдик аудиторияга жеткиликтүү болуп калды. Исмаил Кесижи Лондондо 30 жылдан ашуун убакыттан бери жашайт.  Ата-бабалары илгери туулган жеринен Түркияга, андан кийин Улуу Британияга көчүп келишкен. Кесижи колу бошой калган учурда интернеттен Kazakh TVни издей баштайт. Негизи анын Казакстандагы жаңылыктарга болгон кызыгуусу бала кезинен башталган. 12 жашында ал кирилл алфавитин өз алдынча үйрөнүп, мекенинде болуп жаткан окуялардан кабардар болуп отурган.

ИСМАИЛ КЕСИЖИ, ЛОНДОНДУН ТУРГУНУ:

- Жалгыз мен эле эмес, Европада жана чет өлкөлөрдө жүргөн  казактардын көбүнүн эңсегени ушул.  Казактын каада-салтын, казактын тойлорун, маданиятын көрүү. Казактын жакшы тарыхый кинолору болсо, алар аркылуу көп нерсени үйрөнүшөт.

Кесижинин айтымында, Европадагы казак жаштарынын көпчүлүгү эне тилин унутуп бара жатат. Билбегендери да көп. Тил унутулса, улуттук өзгөчөлүгүбүздөн айрылабыз деп коркот. Медианын күчү үстөмдүк кылган заманда, Казакстандын телеканалдары бул боштуктун ордун толтура алат.

ИСМАИЛ КЕСИЖИ, ЛОНДОНДУН ТУРГУНУ:

- Тилдин булагы бир жер. Тилдин булагы - Казакстан. Биз аны Казакстандан гана ала алабыз. Кайдан алабыз - Казакстандын маалымат каражаттарынан. Kazakh TVни көптөн бери көрүп келе жаткандардын биримин. Ал бир кезде Каспионет болуп чыкты. Азыр болсо Казак ТВ болуп уланып келе жатат.

Кесижинин жубайы Шолпан  - Оралдын тургуну. Экөө бир уул, бир кызды тарбиялап келе жаткан ынтымактуу  үй-бүлө. Балдары да өлкөдө болуп жаткан жаңылыктардан кабардар. Kazakh TV 5 тилде тараткан кабарларынын ичинен казак тилиндегисин тандап, бардыгы эне тилин өнүктүрүүгө аракет кылат.

ШОЛПАН КЕСИЖИ, ЛОНДОН ТУРГУНУ:

- Эми бизге жаккан негизги программалар ашпозчулук, улуттук тамак-аштар тууралуу. Коноктор келгенде улуттук тамактарыбызды көрсөтүп, тааныштырып, досторубуз менен чогуу жегенди жакшы көрөбүз. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Чет өлкөдөгү көрүүчүлөрдү кызыктуу программалар менен кубанта бериңиздер.


×