МИОР: Казакстанда петициялар институту мыйзамдуу түрдө бекитилет

Казакстанда петициялар институту мыйзамдуу түрдө бекитилет. Азыркы учурда "петиция" түшүнүгүн так аныктаган, ошондой эле аны берүүнүн жана кароонун жол-жобосун жөнгө салган укуктук база иштелип чыгууда. Бул казакстандыктарга ар кандай чөйрөлөрдө реформа жүргүзүү боюнча сунуштарын киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Маалымат жана коомдук өнүгүү министри Аида Балаева Борбордук байланыш кызматында өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда министрлик маалыматка ээ болуу  жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат. Түзөтүүлөр ошондой эле эки милдетти чечүүнү карайт: көзөмөлдү жана жоопкерчиликти күчөтүү, аны менен бирге  "Маалыматка ээ болуу жөнүндө" Мыйзамдын айрым ченемдерин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү.

АИДА БАЛАЕВА, РКНЫН МААЛЫМАТ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРИ:

 - Биз жөн гана маалымат алуу мүмкүнчүлүгү жагынан мыйзамдык базаны өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мен буга чейин белгилегендей, Мажилисте маалыматка ээ болуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын аныктамасын атайын карай турган түзөтүүлөр бар, бул биринчиси. Эгерде бул түзөтүүлөр кабыл алынып, күчүнө кирсе, анда анын алкагында маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги бул ишти координациялап, көзөмөлдөп турат. Экинчиден, ар бир мамлекеттик органда, иштеп жаткан штат бирдиктеринин ичинде ыйгарым укуктуу бөлүм же ушул тармакка жооптуу ыйгарым укуктуу өкүл болот.

Мындан тышкары, маалымат ээлерине ишкердик субъекттерин менен алардын бирикмелерин, өзүн-өзү жөнгө салуучу жана мамлекеттик органдардын функцияларын жүзөгө ашыруучу өкмөттүк эмес уюмдарды кошуу сунушталат. Министрдин айтымында, иштелип чыккан түзөтүүлөр парламенттин Мажилисинде каралып жаткан мыйзам долбооруна киргизилген. Ал жыл аягына чейин президенттин кол коюусуна жиберилет.

 

Фото: ainews.kz


×