«Хабар» Агенттигине 25 жыл

«Хабар» улуттук телекөрсөтүү маалыматтык агенттигинин бренди менен алгачкы жаңылыктар сериясы 1994-жылы эфирге чыккан. Ал эми 1995-жылы тогуздун айынын 23дө Өкмөт тарабынан «Хабар» агенттиги республикалык мамлекеттик мекемеси түзүлгөн. Калкка пайдалуу маалыматтарды, кызыктуу берүүлөрдү жана пайдалуу долбоорлорду сунуш кылган каналга бүгүн 25 жыл. Тарых барактарына көз чаптырсак, Хабар казак телекөрсөтүүсүндө жаңылануунун башаты боло алды. Хабар агенттиги башкармалыгынын төрагасы Ерлан Бекхожин хабар жамааты ошол кезден бери чыныгы чыгармачыл чөйрө болгонун айтат.

ЕРЛАН БЕКХОЖИН, «ХАБАР» АГЕНТТИГИ» АК ТӨРАГАСЫ:

 - Бардыгы кечээкидей эсимде. Баары 185-көчөдөн бештин айында башталган. Биз 3-4 бөлмөнүн арасында чуркап жүрчүбүз. Албетте, шаймандар турган бөлмөлөрдү эске албаганда. Бирок абдан уникалдуу жана чыгармачыл чөйрө болчу. Андан бери биз ишенимдүү кадамдарды жасай алдык. Ошондон баштап балдар менен кыздарда иштөөгө болгон каалоолору ачык, көздөрү жанып турду. Бардыгы чыныгы чыгармачыл чөйрөдөн башталды.

«Хабар» Казакстанда гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө көрүүчүлөрдүн көңүлүн бура баштаган мезгилде, жетекчилик эл аралык деңгээлде маалымат таратуучу каналдын керектигин түшүндү.

ЕРЛАН БЕКХОЖИН, «ХАБАР» АГЕНТТИГИ» АК ТӨРАГАСЫ:

 - Хабар бренди ушунчалык популярдуулукка жетишкендиктен, канал Казакстанда эле эмес, Борбордук Азияда да көңүлдү бура баштады, биз өзүбүздү бүткүл дүйнө жүзү боюнча көңүл бурдура алдык. Ошентип Каспионет каналы пайда болду. Бүгүнкү күндө ал Kazakh TV бренди менен иштеп жатат.

Быйыл дүйнөнүн 118 өлкөсүнө обого чыккан Kazakh TV каналынын түзүлгөнүнө 18 жыл толду. Ушул датанын алдында Казак ТВ  жаңы агартуучулук, маалыматтык, маданий долбоорлордун агымын даярдады.

ГҮЛНУР МАММАСАРИПОВА, ПРОДЮСЕР:

 - Чоң үйдүн программасы алдыдагы Kazakh TV каналынан эфирге чыгат. Дал ушул Kazakh TV каналы менен биздин продакшн даярдап жаткан алгачкы долбоору. Чоң үйдө учурдагы пандемия болуп жатат го, пандемия айланасындагы Казакстандын тынч жашоосу камтылат.

Мындан тышкары, жаңы сезондо Kazakh TV сы көрүүчүлөрдүн назарына ар кандай шоу, саякат жана маданий долбоорлорду тартуулайт.

 

Фото: khabar.kz


×