Улуттук коомдук ишеним кеңешинин отуруму өттү

Президент Касым-Жомарт Токаев Улуттук коомдук ишеним кеңешинин төртүнчү жыйынына катышты. Мамлекет башчысы кеңештин алкагында өлкөнүн өнүгүүсүнө байланыштуу эң актуалдуу маселелер системалуу  негизде талкууланып, бир катар маанилүү демилгелер ишке ашырылгандыгын белгиледи. Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары казакстандыктарды тынчсыздандырган  маселелер боюнча пикир алмашышты. Көпчүлүктүн пикиринде, мамлекеттик органдардын иши жөнүндө маалымат ачык-айкын болууга тийиш. Аны менен катар, серепчилер туруктуу өнүгүүнүн улуттук программасын иштеп чыгууну, банк тармагын модернизациялоону, турак жай жана жумуш менен камсыз кылуу маселелерин чечүүнү сунушташты. Касым-Жомарт Токаев айтылган маселелер тийиштүү чечимин табаарына ишенимин билдирди. Жыйында  Президент коомдук ишеним кеңеши өткөн бир жыл ичинде  жемиштүү иш алып баргандыгын белгиледи.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ,КАЗАКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бул мезгилде кеңеш толугу менен калыптанды. Анын кажеттүүлүгүнө баарыбыздын көзүбүз жетти. Улуттук Кеңеш өкмөт менен коомдун ортосунда конструктивдүү диалог түзө алган эффективдүү институционалдык түзүлүшкөайланды. Кеңештин мүчөлөрү өлкө үчүн маанилүү чечимдерди иштеп чыгып, аларды жүзөгө ашырууда болгон аракеттерди көрүп жатышат. Буга чейинки үч жолугушуу тең пайдалуу болгону талашсыз. Быйылкы кайрылуумда мен бардык көйгөйлөрдү ачык айтып, аларды чечүүнүн конкреттүү жолдорун сунуштадым. Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун күчөтүү идеясы Кайрылуунун өзөгүн түзөт. Жалпысынан мамлекеттик башкаруу системасын  реформалоо бул өзүнчө масштабдуу милдет. Ал тургай, бардык реформалардын башаты мамлекетти модернизациялоонун негизги тиреги десек болот. Биз бул реформаны мамлекеттик пландоо тутумун кайра түзүү ишинен баштоону туура көрдүк. 

 

Фото: akorda.kz


×