«Улуу талаанын улут аралык тили» республикалык форуму

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын макамын көтөрүү маселелери «Улуу Талаанын улут аралык тили» республикалык форумунда талкууланды. Биринчи кезекте, мамлекеттик кызматта иштеген өлкөнүн ар бир жараны мамлекеттик тилди мыкты билиши керек, дейт Казакстан эли Ассамблеясынын жигердүү мүчөсү Джамалаил Элимханов. Ал 25 жашында гана казак тилин үйрөнө баштаган. Бүгүнкү күндө ал мамлекеттик кызматкерлерге казак тилинин деңгээлин текшерүү үчүн  «Kaztest» тутумун киргизүүнү сунуштоодо.

ДЖАМАЛАИЛ ЭЛИМХАНОВ, КАЗАКСТАН ЭЛИ АССАМБЛЕЯСЫНЫН МҮЧӨСҮ:

- Мен казак тилин 25 жашымда гана үйрөнө баштадым. Мен буга чейин такыр билчү эмесмин. Эки жыл ичинде үйрөнүп кеттим. Убакыт бөлүп, казак тилин үйрөндүм. Муну ар бир адам жасай алат. Мамлекеттик кызматкер болом деген адам алгач мекен үчүн, мекенди сүйүү үчүн мамлекеттик тилди үйрөнүп, андан кийин гана кызматка  отурушу керек.

Ошондой эле форумда Казакстан Эли Ассамблеясынын Төрагасынын орун басары - Катчылыктын башчысы Жансеит Түймебаев коомдук ынтымакты жана улуттук биримдикти чыңдоого салым кошкон активисттерди сыйлады. Аларга Ассамблеянын 25 жылдык юбилейлик медалы жана «Мээрим» төш белгиси тапшырылды.

 

Фотоult.kz


×