Өзбекстанда казактардын кичи курултайы өттү

Чет жердеги мекендештерге казак тилин үйрөтүү боюнча универсалдуу окуу китептер басып чыгарылат. Бул тууралуу Өзбекстандагы этникалык казактардын чакан курултайы учурунда маалым болду. Онлайн-иш-чара Дүйнөлүк казактар ассоциациясы, «Отандастар»  фонду жана Өзбекстандагы казак улуттук-маданий борбору тарабынан уюштурулду. Маалымат жана социалдык өнүгүү министри Аида Балаеванын айтымында, учурда 9 мамлекетте казак тилин окутуу боюнча 22 онлайн сабак иш алып барууда. Ушул жылдын аягына чейин алардын санын 31 жеткирүү көздөлүп жатат, деди министр. Учурда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бул багытта иш алып барууда.

МУХТАР КАРИБАЙ, КАЗАКСТАНДЫН ТИМ, КАЗАК ДИАСПОРАСЫ ИШ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Быйыл «Отандастар» фонду менен биргеликте «Акылмандык Алиппеси» жана «Абай» интерактивдүү комплекстерин чыгаруу колго алынганы маалым. Бүгүнкү күндө Тышкы иштер министрлигине 900 даана «Акылмандык алиппеси» окуу китеби келип түштү. Биз Өзбекстан Республикасынын билим берүү мекемелерине 300 нускадан ашык берүүнү мерчемдеп жатабыз. Мындан тышкары, жыл сайын чет жактагы улуту казак абитуриенттерге берилүүчү квоталарга байланыштуу өлкөнүн жогорку окуу жайларына экзамендерди тапшыруу эң маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Өзүбүздүн мекендештер жыш жайгашкан аймактардан бардык консулдук мекемелер бул абитуриенттерди онлайн режиминде сынак тапшыруусун ишке ашырдык, быйылкы жылы 900 ашуун мекендештин Казакстандын ЖОЖдоруна тапшырууда тийиштүү жардамдар көрсөтүлдү.

 

Фото: tengrinews.kz


×