Чет өлкөгө авиакаттамдар кыскарат

Казакстан чет өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, чек ара көзөмөлүн күчөтүү чечимин кабыл алды. Эртеңки күндөн баштап эл аралык каттамдардын саны кыскарат. Түркия, Украина, Германия жана Бириккен Араб Эмираттарына барып-келүүгө чектөө коюлат. Стамбул жана Дубайга жума сайын каттамдардын саны төрткө, Киев менен Франкфуртка эки каттамга кыскарат. Бул тууралуу Air Astana  авиакомпаниясынын басма сөз кызматы билдирди. Ал эми ички каттамдардын графиги өзгөрбөйт.

Бирок өлкөнүн жарандык авиация бирикмеси комиссиянын аталган чечимин колдобойт. Жаңылык жарыяланары менен Ассоциация чет элдик авиакаттамдардын кыскарышы бул тармак үчүн чоң чыгымга алып келет деп билдирүү таратты. Алардын айтымында, бул чечим авиакомпаниялардын жана аэропорттордун тейлөө тарифтеринин көтөрүлүшүнө алып келиши мүмкүн. Жарандык авиация ассоциациясынын маалыматы боюнча, 2020-жылдын экинчи жана үчүнчү кварталдарындагы карантиндик режимге байланыштуу Казакстандын аэропортторунун кирешелери кеминде 70% кыскарган.

 

Фото: turantimes.kz​


×