Казакстандын Президенти Семейде Абайдын эстелигинин ачылышына катышты

Президент Касым-Жомарт Токаевдин Семейге болгон жумушчу сапары «Улуу акын Абай жана уулдары» эстелигинин ачылыш салтанаты менен башталды. Аталган композицияда Абай уулдары Акылбай жана Турагул менен бирге сүрөттөлгөн. Автор уулдарынын атасына болгон өзгөчө сүйүүсү жана чексиз сыймыгын көрсөтүүнү максат кылган. Мамлекет башчысы коомчулукту ойчулдун 175 жылдык мааракеси менен куттуктап, даанышманды бирдиктүү улут катары урматтоо инсандык милдет экендигин белгиледи.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бул эстелик жаш муунду шыктандырышы керек. Абай жана анын сөзү менен ишин уланткан акылман балдары Акылбай жана Турагул - бул өлкөнүн үлгүлүү балдары. Мында урпактардын уландысын, ата менен баланын өз ара сыйы чагылдырылган. Бул Кунанбай династиясынын асылдыгын чагылдырган чыгарма. Абай үй-бүлөсүнүн окуулары улутту калыптандыруучу факторлордун бири.

Ачылыш аземден кийин Мамлекет башчысы Абайдын  «Жидебай-Бөрүлү» атындагы мамлекеттик тарыхый-маданий жана адабий-мемориалдык корук-музейине барды. Президент музейдеги жаңы экспозициялар менен таанышты. Белгилей кетсек,  быйылкы жылы облуста акындын ысымын даңазалаган мындан башка да демилгелер жүзөгө ашырылды. Семейдеги аэропортко Абайдын ысымы берилди. Мындан тышкары, Семейдеги жана Жидебайдагы акындын музейи толугу менен жаңыланып, күмбөздүн айланасы көрктөндүрүлдү.

 

Фото: almaty.tv