Казакстанда карантин күчөтүлүп жатат

Түндүк Казакстан облусундагы Булаев шаары коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн карантинге жабылды. Тогуздун айынын 1 баштап Орусиянын чек арасына жакын жайгашкан  Магжан Жумабаев районунда 24 адам илдетти жуктуруп алган. Алардын 15 райондун борборунун тургуну.

Абалды курчутпоо максатында учурда шаар аймагында 4 өткөрүү пункту орнотулду. Жүргүнчүлөрдү ташуу толугу менен токтотулду. Ошондой эле адамдарга туугандарыныкына барууга тыюу салынды. Ал эми жашы жете электерге кечки саат 7 кийин жалгыз жүрүүгө такыр болбойт. 65 жаштан ашкан жарандар обочолонуу режимин сакташы керек. Мындан тышкары, аянты 500 чарчы метрден ашкан ишкердик объекттеринин иши таңкы саат тогуздан кечки 16:00 чейин кыскартылды.

Өлкөнүн ири шаарлары да коопсуздук чараларын күчөттү. Мисалы, карантиндик чектөө чаралары Шымкентте тогуздун айынын 12 тартып 26 чейин узартылды. Ошондой эле эпидемиянын экинчи толкунуна даярдануу алкагында борбордо жана Алматы шаарында карантиндик көзөмөл күчөтүлдү.

 

Фото: inform.kz


×