Кыргызстандан Казакстандык компаниянын жумушчулары эвакуацияланды

Кыргызстандан Казакстандык компаниянын жумушчулары эвакуацияланды

Кыргызстандагы казак жумушчулары мекенине кайтып жатышат. Ата мекендик компания 500 жакын кызматкерин эвакуациялоого мажбур болду. Алардын бардыгы Бозымчак кенинде иштеген жарандар. Учурда тоо-кен байытуу комплексинде коопсуздукка жооптуу саналуу адам гана калган.

ЕРМЕК ДЮЗКЕНЕВ, КАЗАКСТАНДЫК КОМПАНИЯ ТОБУ КОРПОРАТИВДИК БАЙЛАНЫШТАР ДЕПАРТАМЕНТИНИН МЕНЕДЖЕРИ:

- Тогуздун айынын 6 баштап Кыргызстандагы Бозымчак кениндеги өндүрүш иши токтотулду. Азыр кенде негизги кызматтарды көрсөтүүнү уланта турган кызматкерлер гана калды. Башкача айтканда, жылытуучу жумушчулар, электриктер, күзөтчүлөр жана башкалар. Өндүрүштү убактылуу токтото туруу мерчемделген өндүрүш көлөмүнө таасирин тийгизбейт. Мерчемделген көрсөткүчтөр өзгөрбөйт деп ойлойбуз. Учурда биз кырдаалды жөн гана көзөмөлдөп жатабыз. Ошондой эле анын калыбына келишине үмүт артабыз.

Ал эми өлкөдөгү саясий кырдаалга токтолсок, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн жана Премьер-министрдин отставкага кетишине кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, ал буга чейин өлкөдөгү саясий кырдаал турукташса, кызматтан кетүүгө даяр экендигин билдирген.

 

Фото: facebook.com