Абайдын сүрөтү ташка чегилет

Каркаралы чеберлери улуу Абайдын 175 жылдыгына белек камдап жатышат. Манарбек Карим Коргантас тоосунан алынып келинген салмагы 3 тоннадан ашкан табигый ташка алп ойчулдун сүрөтүн түшүргөнү жатат. Андан кийин таштан жасалган скульптура акындын туулган жери Жидебайга жиберилет. Белгилей кетсек, бул чебердин экинчи эмгеги. Скульптордун биринчи эмгеги Каркаралыдагы Абай турган көк үйдүн алдына коюлган. Келечекте Манарбек Карим Алаш Арстандарынын айкелин жасап чыгууну мерчемдеп жатат.

МАНАРБЕК КАРИМ, ЧЕБЕР:

- Бул өтө деле кыйын болгон жок. Себеби буга биздин колдорубуз көнүп калган. Биз бор менен сүрөтүн чийип алып, андан кийин аны кескич менен кесип алабыз,  андан кийин темир кесүүчү заманбап  аспаптын жардамы менен кескилеп жатабыз.

 

Фото: ainews.kz


×