Эл аралык жаңылыктарга сереп

Эл аралык жаңылыктарга сереп

Ливан ооруканаларында бош орун жок

Ливандын борбору Бейруттагы ооруканаларда бош орун жок. Акыркы күндөрү өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны кайрадан көбөйдү. Дем алыш күндөрү күнүнө 1300 жаңы бейтап катталды. Ошондой эле, өлкөдө дарыгерлер жана кызматкерлер жетишпейт. Дарылар дээрлик жок.

Мектептер кайрадан жабылды

Нью-Йорктогу мектептер кайрадан жабыла баштады. Буга Бруклиндеги жана Квинстеги айрым мектептерде COVID-19 илдетинин катталуусу себеп болгон. Белгилей кетсек, 188 мамлекетте жайылган эпидемия жана курмандыктардын саны боюнча дале АКШ сап башында. Мында  7,5 миллионго жакын адам ооруну жуктуруп, 210 миң адам көз жумган. Экинчи орунда Индия турат, ал жакта 6 миллиондон ашык учур аныкталган. Андан кийин Бразилия. Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча 35 миллиондон ашуун адам кооптуу илдетке чалдыккан. 24 миллиондон ашуун бейтап вирусту жеңе алса, каза болгондордун саны 1 миллиондон ашат.

«Гамма» бороону 5 адамдын өмүрүн алды

Мексикада Гамма тропикалык бороону болду. Натыйжада 5 адам көз жумду. Жабыркагандардын саны 600 миңден ашты. Бул тууралуу Рейтер агенттиги билдирди. Табаско, Чиапас жана Веракрус штаттары табигый кырсыктан жапа чекти. Бороондон кийин аймакта катуу жамгыр жаап, суу ташкыны болду. Натыйжада жолдорду жана айылдарды суу каптап, миңдеген үйлөр суу астында калды.

Францияда табигый апаат орун алды

Ал эми Франциянын түштүгүндө аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлөгөн жамгыр жаады. Натыйжада 4 адам каза болуп, 18 адам дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу деңиз жээгиндеги Альп тоолуу префектурасынан кабарлашты. Нөшөрлөп жааган жамгыр көпүрөлөрдү жана үйлөрдү талкалап, жолдорду жууп кеткен. Учурда аймакта миңге жакын өрт өчүрүүчү жана куткаруучу иштеп жатат.


×