Чет өлкөдөн келген казакстандыктар карантиндик стационарларга жаткырылды

Жаңы эл аралык авиакаттамдар жаңы санитардык талаптарды эске алуу менен Нур-Султан жана Алматы шаарларына келип конууда. Транспорттогу башкы санитардык дарыгер Садуакас Байгабуловдун айтымында, бүгүн кечинде борбор шаардын аэропортуна Түркиядан келген 4 рейс конду. 478 жүргүнчүнүн 170 COVID-19 каршы ПЧР тестинин анализи жок болгондуктан, алардын бардыгына ПЧР анализин жүргүзүү үчүн эки күнгө ооруканага жайгаштырылды.

Мындан тышкары, Алматы аэропорту Түркия, Түштүк Корея жана Беларустан 8 каттам кабыл алган. Жалпысынан 797 жүргүнчү келди, анын ичинде ПЧР анализи 230 адамда жок болгондуктан, алар да ооруканага жаткырылды.

Садуакас Байгабуловдун айтымында, бардык чет элдиктерде COVID-19 каршы ПЧР аныктамасы болгон. Ошондуктан алардын бири дагы депортацияланган эмес.

 

Фото: coronavirus2020.kz