Актауга фламинголордун алгачкы тобу учуп келди

Актауга фламинголордун алгачкы тобу учуп келди

Фламинголордун алгачкы тобу Актауга учуп келди. Адистердин айтымында, аймакка адатта жетинин айында келген экзотикалык куштар бул жылы эрте учуп келишкен. Алар Акмола облусундагы Коргалжын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагындагы Тенгиз жана Коргалжын көлдөрүндө болушкан. Актауда 1-2 жума болуп, аба ырайы муздап баратканда Иран, Бириккен Араб Эмираттары жана Индияга учуп кетишет. Жалпысынан Актауда жыл сайын 10 миңге жакын ири кызыл фламинго учуп келет. Ал эми алардын жүзгө жакыны корукта кыштап чыгат.

 

Фото: islam.kz