Central Asia Nobel Fest Live: 35 өлкөдөн 3 миңден ашык окумуштуу жана изилдөөчү катышууда

Central Asia Nobel Fest Live: 35 өлкөдөн 3 миңден ашык окумуштуу жана изилдөөчү катышууда

Казакстанда Central Asia Nobel Fest Live башталды. Дүйнөнүн белгилүү илимпоздорунун башын бириктирген илимий симпозиум онлайн-режимде өтүп жатат. Баяндамачылардын арасында Нобель сыйлыгынын 7 лауреаты жана Илимий Оскардын - Чыгыш сыйлыгынын үч лауреаты бар. Иш-чаранын масштабы ушунчалык чоң болгондуктан, 35 мамлекеттен, 105 шаардан жана 137 университеттен 3 миңден ашуун катышуучу чогулду. Катышуучулар актуалдуу маселелерди 4 күн бою талкуулашат. Негизги төрт багыт боюнча глобалдык тенденцияларга жана чакырыктарга көңүл бурулат. Аларга адам капиталынын келечеги, дүйнөнү өзгөртө турган технологиялар, медицина жана илим жаатындагы жаңы багыттар, инклюзивдүү экономика жана туруктуу өнүгүү кирет.

«Илим, техника жана инновация прогресстин кыймылдаткыч күчү. Ал эми билим берүү - өнүгүүнүн негизги компоненти. Азыр, пандемия пайда болгондо, биз жогорку илимий-техникалык дарамети бар өлкөлөр гана экономикалык өсүштү тез калыбына келтирип, өнүгүүнүн алдыңкы сабында боло ала тургандыгын көрдүк», - дейт фестивалдын ачылыш салтанатында инклюзивдүү өнүктүрүү фондунун (IDF) мүдүрү Максат Курбенов.

Форумдун биринчи күнү «Инклюзивдүү билим берүү жолунда» сессиясы менен башталды. Катышуучулардын айтымында, бул көп учурда экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн зарыл жолдорунун бири катары каралат. Бул социалдык камсыздандырууга кеткен чыгымдарды азайтуу жана тилектештикке өбөлгө түзүү жолу. Нобель сыйлыгынын ээси, аялдардын укугун коргоочу жана журналист Тавакуль Кармандын айтымында, коронавирустун кесепетинен эл аралык коомчулуктун мурунку жылдардагы жетишкендиктеринен айрылып калуу коркунучу мүмкүн.

«Инклюзивдик билим берүү маселеси дүйнөлүк коомчулуктун эң актуалдуу маселелеринин бири болушу керек. Ар бир адам жекече негизде толук инклюзивдик билимге жетишүү мүмкүн эместигин түшүнүшү зарыл, буга эл аралык уюмдардын дагы, мамлекеттик органдардын дагы биргелешкен аракеттери менен жетишүүгө болот», - деди адис.

Central Asia Nobel Fest Live тогуздун айынын төртүнө чейин уланат. Фестивалга катышкан илимпоздор жана экономисттер медицина, жасалма интеллекттин өнүгүшү жана анын эмгек рыногуна тийгизген таасири, келечектеги ооруларга каршы күрөшүү ыкмалары жана башкалар жөнүндө пикир алмашышат.

Уюштуруучулардын айтымында, фестиваль аймактарда жаңы билим базасын түзүүгө жардам берет. Ошондой эле алар Борбордук Азия жана Кавказда масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөрүн билдиришти. Келечекте Нобель фестивалын ар кандай илимий багытта жылына бир нече жолу өткөрүү көздөлүүдө.