Казакстандыктар «Мугалимиңди куттукта!» акциясына катышууда

Казакстандыктар «Мугалимиңди куттукта!» акциясына катышууда

Жыл сайын тогуздун айынын 5  дүйнө жүзүндө мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. Бул майрамга арналган бир катар иш-чара онлайн-форматта өткөрүлө тургандыктан, Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги казакстандыктарды «Мугалимиңди куттукта!» акциясына катышууга чакырууда.

Мугалимдин коомдогу орду ар бир мамлекеттин бүгүнкү жана келечегинин айкын көрсөткүчү. Мугалимдерге билим берүүгө жана тарбиялоого кошкон баа жеткис салымы жана кесибине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирүү маанилүү. Ошондуктан өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерге ыраазычылык акциясын уюштурууну демилгеледи. Тактап айтканда, бардык куттуктоолорду социалдык тармакка видео форматта жүктөө сунушталат.

Дагы бир эскертүүчү жагдай, куттуктоону

#Ұстазыма_Мың_Алғыс #Спасибо_Вам_Учитель

хештегдеринин жардамы менен жарыяланууга тийиш. Ошентип уюштуруучулар акциянын катышуучуларынын куттуктоосун оңой эле таба алышат. Эң мыкты жана өзгөчө куттуктоолор Билим берүү жана илим министрлигинин Instagram баракчасына жарыяланат.

 

Фото: tengrinews.kz