Стокгольмда аль-Фарабинин 1150 жылдыгына арналган лекция өттү

Стокгольмда аль-Фарабинин 1150 жылдыгына арналган лекция өттү

«Байыркы түрк тили жана жазуусу». Уппсала университетинин профессору Ласло Кароли Казакстандын Стокгольмдогу элчилигинде улуу ойчул ал-Фарабинин 1150 жылдыгына карата аталган темада дарс окуду. Ал Швециянын башка шаарларындагы студенттерге жана изилдөөчүлөргө онлайн режиминде таратылды. Скандинавиядагы швед жана казак жаштары байыркы түрк тарыхы жана маданияты, тилинин өзгөчөлүктөрү жана түрк элдеринин жазмалары жөнүндө билимин өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Дарстын жүрүшүндө аль-Фараби философиясынын түрк негиздери жөнүндө сөз болду. Ошондой эле түрк дүйнөсүн изилдеген европалык окумуштуулардын, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин жана Нур-Султандагы Түрк академиясынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечеги талкууланды.

Белгилей кетсек, иш-чара Казакстан Республикасынын Ардактуу консулу, илимдин доктору Вадим Кесслер жана Швециядагы Казакстан жаштарынын ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Венгриядагы жана Германиядагы белгилүү изилдөө борборлорунда иштеген Ласло Кароли - Уппсала университетинин Лингвистика жана филология факультетинин деканы жана профессору, ошондой эле байыркы түрк рун жазуусу жаатында эл аралык деңгээлде таанылган серепчи. Ал 5 китептин жана 30 ашык илимий макаланын автору.

 

Фото: egemen.kz