Казакстандын төрт облусунда куш тумоосу токтоду

Казакстандын төрт облусунда куш тумоосу токтоду

Өлкөнү дүрбөлөңгө салган куш тумоосунун динамикасы басаңдады. Казакстандын 4 аймагында куш тумоосунун жайылышы токтоду. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Турсын Кабдолданов Борбордук байланыш кызматында өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«Суткалык көрсөткүчтөр канаттуулардын өлүмү динамикасынын азайгандыгын көрсөтүүдө. Мисалы, өткөн суткада Түркестан, Жамбыл, Актөбе, Караганды облустарында, Шымкентте куш тумоосунан кырылган канаттуулардын саны азайды. Мындан тышкары, Түндүк Казакстан, Павлодар жана Костанай облустарында бул көрсөткүч төмөндөп жатат», - деди Турсын Кабдолданов.

Анын айтымында, жалпысынан Казакстандын 7 облусунун 41 районундагы 99 калктуу конушунда канаттуулардын өлүмү катталды. Жеке короолордо 23854 канаттуу кырылды. Эки канаттуулар фабрикасында өлгөн канаттуулардын жалпы саны 330 миңден ашпайт.

 

Фото: inform.kz


×