Бүгүн - Улгайган адамдардын эл аралык күнү

Бүгүн - Улгайган адамдардын эл аралык күнү

Бүгүн дүйнө жүзүндө Улгайган адамдардын эл аралык күнү белгиленип жатат. Майрамдын максаты жана мааниси - кароосуз калган карыяларга көңүл буруу, ошондой эле аларга материалдык, социалдык жана башка жардамдарды көрсөтүү. Бүгүнкү күндө өлкөдө 65 жаштан ашкан кары адамдардын саны 1,5 миллионго жакын. Казакстан Республикасынын Конституциясында карылардын укуктарына, анын ичинде жаш курагына байланыштуу социалдык камсыздандырууга кепилденген жардам, ошондой эле саламаттык сактоо жана акысыз юридикалык жардам көрсөтүү каралган. Мындан тышкары, бул күнү карылардын маанайына өзгөчө көңүл буруу максатында ар кандай маданий иш-чаралар уюштурулат. Мисалы, бүгүн Нур-Султан шаарында шаардык филармониянын артисттери туристтик автобуста атайын концерт уюштурушту. Ал эми шаңдуу Шымкент шаарынын жаштары карыяларды театрга чакырышты. «Карантиндеги кызыктар» деп аталган сахна кечесинде артисттер улгайган адамдар үчүн колунан келишинче мыкты маанай тартуулаганга аракет кылышты.

«Бизди театрга чакырып жатканына рахмат. Жаштар өсүп-өнүгө берсин», - деди Шымкент шаарынын тургуну Оразкүл Кашкынбаева.

Биз пенсиядагы карыялар өз убакыттарын кандай өткөрүп жаткандыгын сурап көрдүк. Борбор калаанын тургуну Анар Зайыр кызы пенсиядагы убактысы неберелеринин сабактарын кароо менен өтүп жатканын айтат.

«Биринчиден, мындай майрамды эске алганыңыз үчүн рахмат. Азыр пенсиядагы убактыбызды неберелерибиздин жанында өткөрүп жатабыз. Учурдагы карантиндик кырдаалда мектепке баруу мүмкүн болбогондуктан, биз дагы неберелерибизди ата-энелери жумушта болгондон кийин окутуп, карашып жатабыз. Биз үчүн неберелерибиздин кылыктарын көрүп, аларды сейилдетип, эртеңки күнү алардын мыкты инсан болуп чоңоюшунан өткөн бакыт жок», - деп билдирди Анар Зайыр кызы.

Бирок үйдө неберелерин камын көрүп отурган чоң ата, чоң энелерден тышкары,  өзүнө убакыт бөлгөн, анын ичинде спорт менен алектенип, хоббисин өткөргөн карылар көп. Алардын бири - борбор калаанын 73 жаштагы жигердүү тургуну, марафончу Амегүлсин Мусылманова. Бүгүнкү күндө ал спорттун көптөгөн түрлөрү боюнча: лыжа тебүү, керлинг, теннис оюндарына катышат. Ал шаардык, райондук жана республикалык марафондордон четте калбоого аракет кылып, спортко көңүл буруп гана тим болбостон, неберелерин дагы спорт менен алектенүүгө үндөп келет. Көбүнчө чоң эне неберелери менен бирге 5-10 км аралыкты басып өтөт.

«Мен күн сайын чуркайм. Спорт менен катар туура тамактануу да мен үчүн маанилүү. Менин биринчи кесибим дене тарбия мугалими. Башкача айтканда, мен өмүр бою спорт менен машыгып келем», - дейт марафончу Амегүлсин Мусылманова.

Белгилей кетсек, Улгайган адамдардын эл аралык күнү 1991-жылдын тогуздун айынын биринен бери белгиленип келет. Майрам БУУнун Башкы Ассамблеясынын 45-сессиясында бекитилген. Карылар күнү алгач Европада, андан кийин Америкада жана 80-жылдардын аягында дүйнө жүзүндө белгилене баштаган.

 

Фото: baribar.kz


×