Казакстандын Экология, геология жана табигый ресурстар министри БУУнун саммитинде сөз сүйлөдү

Казакстандын Экология, геология жана табигый ресурстар министри БУУнун саммитинде сөз сүйлөдү

Казакстандын эң маанилүү улуттук кызыкчылыктарынын бири - биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо. Бул максатта 2030-жылга чейин Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануу боюнча Концепцияны кабыл алуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Магзум Мырзагалиев БУУнун «Туруктуу өнүгүү максатындагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган  чукул чаралар» аттуу саммитинде билдирди. Эл аралык жыйын уюмдун башкы катчысы Антониу Гутеррештин жетекчилиги менен өттү.

«Казакстандын Өкмөтү туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу үчүн токой ресурстарын коргоо жана модернизациялоо боюнча иш алып барууда. Өзгөчө корголуучу аймактар кеңейүүдө. Жаныбарлардын миграциясы үчүн экологиялык коридорлор түзүлүп жатат», - деди видео-кайрылуу жолдогон Магзум Мырзагалиев.

Магзум Мырзагалиев деңизге түз чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн атынан сүйлөдү. Өз кайрылуусунда ал коронавирус пандемиясы менен адамзаттын тыгыз байланышынын маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгилеп өттү.

«Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн тобу өз элинин жашоо тиричилигин камсыз кылуу үчүн биологиялык ар түрдүүлүккө байланыштуу чараларды кабыл алууга чакырат. Биз дүйнөлүк алкактык программага байланыштуу 2020-жылдан кийинки мезгилге карата жогорку деңгээлдеги чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилегибиз келет. Негизги программа биологиялык ар түрдүүлүк жаатында деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн муктаждыктарын канааттандырууга тийиш», - деди министр Саммиттеги сөзүндө.

Ошондой эле министр президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен экологиялык абалды жакшыртуу үчүн токой фондуна 2 миллиард, айыл жерине 15 миллион бак-дарак отургузула тургандыгын айтты.

Белгилей кетсек, БУУнун саммитинде адамдардын биологиялык ар түрдүүлүгүнүн деградацияланышынан келип чыккан каатчылык талкууланды. Мамлекеттердин лидерлери жана өкүлдөрү 2020-жылдан кийинки биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча глобалдык программа боюнча өз ойлорун билдиришти. Аталган программа 2021-жылы өтө турган биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциясынын 15-конференциясында кабыл алынат.

 

Фото: 24.kz