Туризм: 2025-жылга чейин тармак кандай өнүгөт?

Туризм: 2025-жылга чейин тармак кандай өнүгөт?

Өлкөнүн туризм тармагында жарым миллиондой адам иштейт. Ошол эле учурда, бул тармакка тартылган кызматкерлердин саны жакынкы беш жыл ичинде 1,5 эсеге көбөйүшү күтүлүүдө. Белгилей кетсек, ички туризм тармагынын келечеги кең. Демек, инвестициялардын көлөмү жылдан жылга өсүүдө. Маселен, өткөн жылы эле тармакка 469,5 миллиард теңге инвестиция жумшалган. Бул мерчемделген көлөмдүн жарымынан көп. Акыркы 10 жылда болжол менен 3,5 эсеге өстү.

«Жеке инвестицияларды тартуу жана туристтик маршруттардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында, зарыл болгон инженердик инфраструктураны камсыз кылуу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу Өкмөт облустук акимчиликтер менен биргеликте жалпы суммасы 51 миллиард теңгени түзгөн 45 долбоорго республикалык бюджеттен каражат бөлдү. Акыркы жылдары айрым туристтик аймактардагы инфраструктура мынчалык чоң жана ири өлчөмдө каржыланган эмес», - деди МСМ Туризм индустриясы комитетинин төргасы Дастан Рыспеков.

Адистердин айтымында, өткөн жылы өлкөгө келген чет элдик туристтердин саны 8,5 миллионду түзүп, пландан 9% көп болгон. Буга биринчи кезекте визасыз режим колдонулган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүүнүн жана электрондук виза порталын киргизүүнүн эсебинен жетишилди. Ички туризмди өнүктүрүүгө келсек, план болжол менен 40% ашык аткарылды. Ал эми туристтердин саны 6,6 миллионго жетти.

«2019-жылдын аягында ар кандай дүйнөлүк рейтингдерде позитивдүү динамика байкалды. Туризмдин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча Дүйнөлүк экономикалык форумдун рейтингинде Казакстан 97-орундан 90-орунга көтөрүлдү. Маркетинг жана брендинг натыйжалуулугу боюнча Казакстан 102-орундан 99-орунга чыкты. Британдык Backpacker Society коомунун маалыматы боюнча, Казакстан жакынкы 10 жыл ичинде чытырман окуялуу туризм өлкөлөрүнүн рейтингине кирген. Эл аралык конгресс жана конференциялар ассоциациясынын маалыматы боюнча, Казакстан MICE туризмин өнүктүрүүдө 79-орунда турат. Казакстан КМШдагы жакынкы коңшуларынан алдыда. Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Дүйнөлүк Туризм Уюму Казакстанды туризм тармагы эң тез өнүккөн 20 өлкөнүн катарына кошту», - дейт Маданият жана спорт министрлиги.

Жалпысынан 2025-жылга чейин аймактык долбоордук кеңселердин жана демилгечилердин сунуштарын эске алуу менен туризм жаатында 150 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мерчемделүүдө. Алардын жалпы суммасы болжол менен 1,7 триллион теңгени түзөт. 5 жылдын ичинде өлкөнүн туризм тармагында 170 миң жумушчу орунун түзүү, Казакстандын экономикасына 135 миллиард теңгеден ашык суммадагы бюджеттин кошумча кирешелерин тартуу, ошондой эле 1000 ашуун инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мерчемделип жатат.

 

Фото: inbusiness.kz


×