А. Балаева: Улуттук кеңеш өз ишин «Элдин үнүн уккан мамлекет» принциби менен уланта берет

А. Балаева: Улуттук кеңеш өз ишин «Элдин үнүн уккан мамлекет» принциби менен уланта берет

Улуттук коомдук ишеним кеңеши Казакстандын коомчулугунда ой эркиндигине жана ой-пикирлердин ар түрдүүлүгүнө эч кандай чектөө жок экендигин көрсөттү. Бул тууралуу маалымат жана социалдык өнүгүү министри Аида Балаева Казакстан Республикасынын Президенти Телерадиокомплексинин YouTube-каналындагы  «Балаевага 3 суроо» программасынын 6-чыгарылышында билдирди. Тармактын башчысы былтыр түзүлгөн кеңештин бир жылдан ашык ишине токтолуп, анын келечектеги ишмердүүлүгү тууралуу ой бөлүштү.

Министр саясий реформалардын топтомун Улуттук коомдук ишеним кеңешинин ишинин негизги натыйжасы деп атады. Башкача айтканда, «Тынч чогулуштарды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынып, «Саясий партиялар жөнүндө», «Шайлоо жөнүндө», «Парламенттин жана анын депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген. «Ардагерлер жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынып, тышкы карыздын бирдиктүү реестри бекитилди. Чет өлкөлүк жумушчу күч үчүн квота эки эсе кыскарды. Айыл чарба багытындагы жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча космостук байкоо жүргүзүү долбоору ишке ашырылып, пайдаланылбай жаткан 7 миллион гектар жайыт мамлекеттин менчигине кайтарылды, деди тармак башчысы.

Мындан тышкары, Аида Балаева аталган кеңеш өз ишин «Элдин үнүн уккан мамлекет» принциби боюнча уланта берерин кошумчалады. Анда көтөрүлгөн маселелер учурдун талабына ылайык жаңыланып, коомдун бардык тармактарындагы актуалдуу маселелер менен алектенет.

 

Фото: liter.kz