Аймактардагы ыктыярчылар маданий-тарыхый мурастарды сактоо долбоорлоруна тартылды

Аймактардагы ыктыярчылар маданий-тарыхый мурастарды сактоо долбоорлоруна тартылды

«Birgemiz: Asyl mura» долбооруна Казакстандын бардык аймактарынан ыктыярчылар катышууда. Маалымат жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, долбоордун алкагында Тараз, Караганды жана Түркестан шаарларында 3 колдоо борбору түзүлүп, ага 1000 казакстандык ыктыярчы кирди. Бул жерде жаштарга тарыхый жана маданий мурас объекттеринде иштөө көндүмдөрү үйрөтүлөт. Бүгүнкү күндө атайын тандалган 17 координатор эл аралык адистердин кесиптик даярдыгынан өтүп жатышат.

Долбоор башталгандан бери ыктыярчылар Чыгыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Жамбыл, Алматы, Актөбе жана Түркестан облустарындагы 10 археологиялык долбоорго катышышты. Алар үчүн атайын тажрыйбалык сапарлар уюштурулду. Мисалы, Отырарда калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, Түркестандагы ыктыярчылар дарбазанын дубалын тургузууга, Акмола облусунда «АЛЖИР» мемориалдык-музей комплексин жана  «Жашыл мечит» дубалдарын калыбына келтирүүгө көмөктөштү.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында «Asyl mura life» республикалык онлайн сынагы өтүүдө. Максаты - балдардын жана жаштардын, калктын көңүлүн маданий мурастарга буруу, улуттук баалуулуктар жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу. «Birgemiz: Asyl Mura»  улуттук долбоорунун амбассадору - актёр Адил Ахметов, кол өнөрчү, «Алтын сапа» сыйлыгынын ээси Ырза Турсынзада, белгилүү коллекционер-этнограф Бахаргүл Төлеген кызы катышуучуларга тарыхый-маданий мурастар, каада-салттар, улуттук тамак-аштар жана улуттук оюндар боюнча тапшырмаларды берет.

Мындан тышкары, тарыхый жана маданий мурастар объекттерин сактоо боюнча жергиликтүү ыктыярдуу демилгелер үчүн 68 чакан грант бөлүштүрүлдү.

 

Фото: youtube.com


×