Сайрам-Өгемдин табиятынын уникалдуулугу туризмдин бир нече багытын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет

Сайрам-Өгемдин табиятынын уникалдуулугу туризмдин бир нече багытын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет

Жети табигый аймак, бир жарым миңге жакын өсүмдүктүн түрү, сейрек кездешүүчү жана Кызыл китепке кирген жаныбарлар, ак карлуу чокулар, ашып-ташкан аккан дарыялар, шаркыратмалар, муздуу кристаллдуу суусу бар тоо көлдөрү. Мунун бардыгы Түштүк Казакстан облусунда жайгашкан Сайрам-Өгем мамлекеттик коругундагы укмуштуудай кооздук. Бул аймактын уникалдуу ландшафты жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы бурчунан миңдеген туристтерди өзүнө тартып турат.

«Биз күн сайын туристтер менен иштейбиз. Биздин корукта 12 бекет, алты көл жана 11 туристтик маршрут бар. Бизде туризм бөлүмүндө 6 адам иштейт, керек болгон учурда чет тилдерди билген адистерибиз бар. Бирок адатта туристтер котормочулар менен келишет. Быйыл пандемияга байланыштуу туристтер аз болду, адатта бизге Казакстандын аймактарынан гана эмес, Германия, Франция, Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн да атайын туристтер келет», - дейт экскурсия жетекчиси Ахат Тастанбеков.

Улуттук парктын аймагы ар кандай кирүү режимдери боюнча үч зонага бөлүнөт: корук, туристтик жана рекреациялык. Биринчисинде коноктор үчүн жыгачтан кооз үйлөр салынган. Келгендерге ыңгайлуу болушу үчүн ашкана, бассейн, спорт аянтчалары жана мончо бар. Бирок корголуучу аймакка кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген. Ал жерде тоолуу аймак үчүн атайын курулган туристтик жолдор жана унаа менен гана саякаттоого болот. Мындан тышкары, ушул жылы БУУнун Өнүктүрүү программасынын каржылык колдоосу менен дагы үч туристтик маршруттун курулушу мерчемделүүдө. Белгилей кетүүчү нерсе, улуттук парктын аймагы альпинисттерди кызыктырат. Жыл сайын эрте жаздан кеч күзгө чейин ышкыбоздор атайын бул жерге келип, тоо чокуларын багындырышат.

«Биздин район уникалдуу. Бул жерге Орусиядан жана алыскы чет өлкөлөрдөн туристтер атайын келишет. Биздин аймактын уникалдуулугу ушунчалык зор болгондуктан, анда альпинизмге байланыштуу сизге керектүү нерселердин бардыгы бар. Туризм жаатында Совет доорунан калган көптөгөн маршруттар бар. Жүрө берүүгө болот. Жалпысынан дарамети чоң аймак», - дейт шымкенттик альпинист Степан.

Мындан тышкары, коруктун аймагы тарыхый баалуулукка ээ. Бул жерден аскага түшүрүлгөн сүрөттөр - петроглифтер, сыйынуу имараттары, калктуу конуштар жана ар кандай тарыхый доорлордогу адамдардын сөөгү коюлган жерлер табылган. Бардык маданий жана тарыхый эстеликтер жетиштүү деңгээлде изилдене элек жана дале болсо археологдордун, илимпоздордун кылдат изилдөөсүн талап кылат. Илимпоздор өз кезегинде мындай саякаттарга кызыгуучулук артып келишет.

 

Фото: visitkazakhstan.kz