Экологдор казакстандыктарды медициналык беткаптарды көчөгө таштабоого чакырат

Экологдор казакстандыктарды медициналык беткаптарды көчөгө таштабоого чакырат

Казакстандын экологдору коңгуроо кагууда: тургундар таштандыларды сорттобогонду жаман адатка айландырып алышты. Кооптуу илдеттен сактанууда колдонулган жеке коргонуу каражаттарын тиричилик калдыктары менен кошо таштандыга ыргытышууда. Бир жолу колдонулуучу медициналык беткаптар жана кол каптар көчөлөрдө чачылып жатат. Алар өтө узак убакытта чирип, айлана-чөйрөгө чоң зыян келтире турганын ойлогон адамдар аз, дешет адистер.

«Мунун бардыгы биздин жарандардын эко-маданиятынын же жалпы эле маданиятынын көрсөткүчү деп эсептейм. Беткаптарды жана кол каптарды ыргытып жиберүү биздин балдардын ден-соолугуна терс таасир этиши мүмкүн экендигин түшүнүшүбүз керек. Тазалык маданиятын тарбиялоо өзүбүздөн башталып, жоопкерчилик менен кароо керек», - дейт Казакстан NUR ALEM павильонунун жетекчиси, эко активист Асем Омар.

Табият сакчылары өлкөдөгү көптөгөн уюмдар атайын урналарды орнотуп жатышканын айтат. Андан кийин таштандылар санитардык талаптарга ылайык чыгарылат. Ошондой эле экологдор медициналык беткаптардын башка түрлөрүнө өтүүгө кеңеш беришет. Мисалы, бир жолу колдонулуучу материалдан жасалган масканы көп жолу колдонула турган беткапка алмаштыруу туура деп эсептейт. Анын зыяны айлана-чөйрөгө  азыраак жана үнөмдүү.

 

Фото: rus.azattyq-ruhy.kz