КЭА ЖМК өкүлдөрүн сыйлады

КЭА ЖМК өкүлдөрүн сыйлады

Казакстан калкы Ассамблеясынын 25 жылдыгына карата бир катар ЖМК өкүлдөрү сыйланды. Көп улуттуу өлкөнүн тынч жашоосун сактап калууга салым кошкон журналисттер өзгөчө урматка татыды. Биримдикке үндөп, улуттар аралык ынтымакты жайылтуу багытында эмгектери иргелип алынгандардын катарында «Хабар»  агенттиги Башкармалыгынын төрагасы Ерлан Бекхожин менен Kazakh TV телеканалынын мүдүрү Майя Бекбаева бар. Телеканал жетекчисинин айтымында, көп улуттуу өкүлдөрдү көк желектин алдында топтогон Казакстандын достугу  баарына үлгү. Бул өлкөнүн негизги бренди. Бир нече улуттун өкүлдөрүн камтыган жана 5 тилде маалымат тараткан  Kazakh TV каналында аталган  темада бир катар жаңы долбоорлор ишке ашырылып келет.

МАЙЯ БЕКБАЕВА, KAZAKH TV ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Улут аралык ынтымак темасы абдан актуалдуу. Ага кайдыгер кароого болбойт. Башкача айтканда, аталган тема боюнча каналыбызда чыга турган бардык материалдар көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн түнөк таап, анын маңызын түшүнүшүн каалайбыз. Ошондуктан биздин журналисттер, деги эле Хабар агенттигинин эмгек жамааты ушул уникалдуу долбоорлор аркылуу адамдарга бөлүнгүс улуттук биримдиктин өлкөсүндө тынчтыкта жашап жаткандыгын жана анын маанисин түшүндүрүүгө аракет кылабыз.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери атамекендик жалпыга маалымдоо каражаттарында улуттар аралык ынтымакка байланыштуу 8 миңден ашуун материал чыккан. Анын жарымы интернетте жарыяланып, телеканалдар 1,5 миңден ашуун видео көрсөттү. Ал эми 3,5 миңи гезит беттерине басылган.