Ыктыярчылар мектеби: окутуу кандай жүргүзүлөт?

Ыктыярчылар мектеби: окутуу кандай жүргүзүлөт?

Ар кандай өзгөчө кырдаалдарга психологиялык жактан даяр болуу  жана биринчи медициналык жардам көрсөтө билүү. Бул Нур-Султан ыктыярчылар мектебинин окуучуларына үйрөтүлө турган эң маанилүү көндүмдөрдүн бири. Окуу бул жерде жыл сайын өткөрүлүп турат. Борбор калаа акимчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда эки миңге жакын адам «Астана жаштары» КММде ыктыярчылардын тизмесинде турат. Ыктыярдуу иштөөнү каалагандар окутуунун үч баскычынан өтүшү керек. Биринчи баштапкы окуу курсу каралган. Ал онго жакын сабактан турат.

«Алгач баштапкы окуу курсунан өтүү керек. Ал биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөтөт, ар кандай психологиялык тренингдерди өткөрөт. Башкача айтканда, жалпы окутуу жүргүзүлөт», - дейт Нур-Султан акимчилигинин  «Астана жаштарынын» башчысы Шыңгыс Тлеулин.

Андан кийин ыктыярчылар адистештирүү курсунан өтүшөт. Ал жерде ыктыярчылар багыттарга бөлүнүшөт.

«Чукул жардамга катышууну каалагандар атайын адистер тарабынан окутулуп, окуу жыйындарына катышат. Ошондой эле эл аралык ыктыярчылар жана социалдык ыктыярчылар үчүн тренингдер өткөрүлөт. Андан кийин түз акциялар учурунда тажрыйбалык сабактар болот», - деп кошумчалады  Шыңгыс Тлеулин.

Белгилей кетсек, 2014-жылдан бери уюмда 2,5 миңге жакын адам билим алган. Ыктыярчылар Арыс шаарындагы кырсыктан кийин шаарды калыбына келтирүүгө, өлкөдөгү коронавирус башталганда жардамга муктаж адамдарга көмөк көрсөтүшкөн. Ошондой эле Казакстанда уюштурулган ар кандай эл аралык иш-чараларга катышкан. Белгилей кетсек, быйыл борбор калаада 300 жакын ыктыярчыларды окутуу мерчемделүүдө.

 

Фото: astana.gov.kz


×