Казак тили менен маданиятын дүйнөгө таанытуу

Казак тили менен маданиятын дүйнөгө таанытуу

Тумандуу Альбиондун жашоочулары эми Улуу Талаанын маданияты менен тааныша алышат. Лондондо казак тилинин онлайн-кабинети ачылды. Бул Казакстандын Улуу Британиядагы элчилиги менен Мекендештер фондунун биргелешкен ишинин натыйжасы.

Ошондой эле «Мекендештер» фонду казак тили курсунун экинчи семестринин башталышы жөнүндө кабарлайт. Белгилей кетсек, азыркы учурда «Мекендештер» фондунун жана Дүйнөлүк казактар ассоциациясынын казак тили онлайн курсунун алкагында 12 мамлекеттен миңге жакын катышуучу казак тилин үйрөнүп жатканын Британ элчилигинин басма сөз кызматы маалымдады. Онлайн курстун атайын дарстарын Фонддун YouTube каналынан көрүүгө болот.

Мындан тышкары, Мекендештер фонду жана Дүйнөлүк казактар ассоциациясы, Маалымат жана социалдык өнүгүү министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Омск шаардык администрациясынын колдоосу менен Омск шаарында «Abai Uii»  атындагы казак маданий-ишкерлик үйүн ачышты.

Иш-чарага Казакстан Республикасынын маалымат жана социалдык өнүктүрүү вице-министри Марат Азилханов, Тышкы иштер министрлигинин, Казакстан Республикасынын Омск шаарындагы консулдугунун, Мекендештер фонду менен Омск казактары коомдук бирикмесинин жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Казакстандын Маданият жана ишкерлер үйүнүн иш планы тааныштырылып, Орусиядагы казак коомчулугунун маданий, ишкердик жана билим берүү чөйрөсүндөгү иштерин колдоо боюнча биргелешкен долбоорлордун жүзөгө ашыруу маселелери талкууланды деп маалымдайт Маалымат жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, ушул жылдын аягына чейин Мекендештер фонду дагы 4 «Abai Uii» казак маданий жана ишкерлер үйүн Кыргызстан, Өзбекстан, Германия жана Түркияда ачууну мерчемдеп жатат.

 

Фото: travel.rambler.ru