«Алтын тобылгы» сынагына өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталды

«Алтын тобылгы» сынагына өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталды

Заманбап казакстандык адабиятты колдоо, өнүктүрүү жана жайылтуу. Бул ушуну менен алтынчы жолу өткөрүлүп жаткан «Алтын тобылгы» сынагынын максаты экенин Нурсултан Назарбаев Фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Жеңүүчүлөр «Жылдын мыкты прозасы», «Жылдын мыкты поэзиясы», «Жылдын мыкты драматургиясы», «Жылдын балдарга арналган мыкты чыгармасы», «Абайдын 175 жылдыгына арналган мыкты адабий чыгарма» номинациялары боюнча аныкталат.

Сынакка 18-35 жаш аралыгындагы жазуучулардын казак жана орус тилдериндеги чыгармалары кабыл алынат. Белгилей кетсек, бир автор эки номинацияга тең катышууга укуктуу. Ал эми атайын номинациянын жеңүүчүсүнө 3 миллион теңге берилет.

Өтүнмөлөрдү почта аркылуу Нур-Султан ш., А. Бөкейхан көчөсү, 1, Нурсултан Назарбаев Фондуна же at2020@fnn.kz электрондук кат куржунуна жөнөтүү керек. Белгилей кетсек, сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөр жетинин айынын бирине чейин кабыл алынат.

 

Фото: oner.kz