Авиарейстер кайрадан жанданды: эл кандай кабыл алып жатат?

Авиарейстер кайрадан жанданды: эл кандай кабыл алып жатат?

Казакстан акырындык менен эл аралык багыттар боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды жанданта баштады. Учурда бул тизмеге Орусия Федерациясы да кошулду. Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин Жарандык авиация комитетинин маалыматына ылайык, аяк оона айынын 21-күнүнөн тарта коңшу өлкөгө жумасына 2 рейс жасоо мерчемделген. Учурда авиакомпаниялар уюштуруу иштерин жүргүзүп жатышат, деп билдирди департамент.

«Ушул жылдын теке айынын 11 жана баш оона айынын он бириндеги мекемелер аралык комиссиянын чечимдерин ишке ашыруу максатында теке айынан тартып жумасына 89 рейстен турган 19 багыт боюнча 10 өлкөгө эл аралык үзгүлтүксүз каттамдар калыбына келтирилди. Ошондой эле аяк оона айынын он биринен тартып Египетке чартердик рейстер Алматы - Шарм-эль-Шейх багыты боюнча калыбына келтирилди», - деди Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги, жарандык авиация комитетинин эл аралык байланыштар башкармысынын серепчиси Азиз Досымбетов.

Жарандык авиация комитетинин билдиришинче, тизмени башкы мамлекеттик санитардык дарыгер жана COVID-19 менен күрөшүү боюнча мекемелер аралык комиссия бекитти. Белгилей кетсек, өлкөлөрдүн аба байланышын калыбына келтирүү боюнча саясий чечимине карабастан, авиакомпаниялар рейстерди аяк оона айынын 21 эмес, толук даяр болуп, уюштуруу маселелери чечилгенден кийин башташы мүмкүн. Бирок казакстандыктар бул жөнүндө кандай ойдо?

«Чынын айтсам мен өкмөттүн же мамлекет башчыларынын, өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин логикасын түшүнбөйм. Күз ар кандай вирустардын жайылышы үчүн эң ыңгайлуу мезгил. Учурда чек араны ачуу туура эмес деп ойлойм. Эпидемия кайрадан жайылып, карантинге жабылат. Анын үстүнө азыр расмий ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматына ишене турган болсок, айрым өлкөлөрдө экинчи толкун башталды», - дейт шаар тургуну  Мадина Батырбаева.

«Мен чындыгында буга каршымын. Эгер адамдар жөн эле эс алууга кетсе,  келгенден кийин эч кандай обочолонуу режими каралган эмес. Чет өлкөдөн келген адамдар атайын анализ тапшырышы керек же карантинге алынышы керек дегенди окуган элем. Бирок көпчүлүк буга жоопкерчилик менен карабашы мүмкүн. Ошондуктан же илдетти өлкөгө кайрадан алып келет, же өлкөдөн чет элге алып кетет», - деген пикирин Динара Дулат билдирди.

«Казакстан бир катар чет мамлекеттер менен эл аралык каттамдарды жандандырат деген жаңылык мени кубандырды. Жеке мен муну көптөн бери күтүп жүргөм. Карантинге чейин БАЭге барууну пландаган элем. Эми убакыт келди», - дейт Светлана Иванова.

Белгилей кетсек, борбор калаанын туристтик агенттиктеринин маалымдашынча, бүгүнкү күндө Бириккен Араб Эмираттары  казакстандык туристтер арасында эң популярдуу болуп саналат. Жалпысынан эл аралык авиакомпаниялардын жаңылануусу менен чет элдик туристтик пакеттерге суроо-талап өсүп келет.

«Чек аралардын ачылышы абдан жакшы жаңылык болду. Бүгүнкү күндө эч кандай жарнак жок экенин эске алганда, суроо-талап 1,5-2 эсеге көбөйгөн. Туристтер агенттиктерди өздөрү издеп табышкан. Чек аралардын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жаткандар дагы көп. Алар күн сайын байланышта болуп турду. Чек аранын ачылышы менен биринчи рейс менен учуп кеткен саякатчылар дагы бар», - дейт шаардык-туристтик агенттиктин өкүлү Меруерт Саметова.

Адистердин айтымында, коронавирус инфекциясынын глобалдык жайылышына жана андан кийин чек аралардын жабылышына байланыштуу кырдаал ички туризмдин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизди. Ошентип мекендештер үчүн эң көп барган жерлердин бири өлкөнүн чыгышында жана батышында жайгашкан пансионаттар, тактап айтканда, Алакөлгө жана Каспий деңизине жакын жайгашкан эс алуу жайлары болду.

 

Фото: oxu.az


×