Социалдык тармактагы көз боёмочулук: Казакстанда киберкылмыштардын жаңы түрү күч алууда

Социалдык тармактагы көз боёмочулук: Казакстанда киберкылмыштардын жаңы түрү күч алууда

Киберкоопсуздук боюнча адистер коңгуроо кагууда: социалдык тармактарда скам деп аталган онлайн-шылуундар көбөйүп баратат. Акыркы мезгилде адамдар кылмыштын ушул түрүнөн жапа чегип келишет. Бул деген негизинен көрсөтүлбөгөн кызматтар үчүн алына турган каржылык кылмыштар дегенди билдирет. Бүгүнкү күндө утуштар, оңой жол менен алынган кирешелер же жеңилдетилген кызмат түрлөрү жөнүндө билдирүүлөр каптап кетти. Шылуундардын максаты - адамдарды алдап-тоноп, капчыгын кагуу. Жыл башынан бери адистер мындай чуулгандуу иштердин бетин ачып, жасалма сайттардын баракчаларына кирүүгө аракет кылган 700 миңге жакын өлкөнүн жаранын убагында токтотуп калууга жетишкен.

Телефон менен оозду ачырган шылуундар да көп. Кадимки сценарий боюнча алар адамдардын ишенимине кирүү чеберчилигин өздөштүрүп,  маңдай-тер менен чогулткан нерсени заматта алып кетиши мүмкүн. Көпчүлүк учурларда мындай шылуундардын торуна сабатсыз адамдар түшүп, өз эсебинен эле каражатты которуп жиберишет.

Жардамга муктаж социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарды да ыйлатып кетүүдөн кайра тартпаган учурлар да жок эмес. Мисалы, жакында эле дайындалган 42 миң 500 теңгенин өзүнө эле кол салган учурлар болгон. Алар ондогон жасалма баракчаны интернетте жайып, арам ойлорун жүзөгө ашырышкан. Ал адамдарга бир аз акча сунуштап, алардын жеке маалыматтарын билип, өз пайдаларына жумшаган. Серепчилердин айтымында, чакан жана орто бизнестин кирешесине көз салып жүргөн онлайн шылуундар көбөйүүдө. Ишкерге электрондук кат келет. Ички бухгалтердик эсепке акча каражаттары келип түшкөндүгү жөнүндө маалымдайт.

«Андан кийин мыйзамдуу сайтка кирүү жөнүндө шилтеме жөнөтүлөт. Ага киргенде сиз белгилүү эквайринг-провайдерден операциялык төлөм катары компенсация алганыңыз жөнүндө билдирүү келет. Аны баскан учурда башка бир алдамчылык ресурска багытталат. Ага өткөндө дагы бир нече кадам жасоо керектиги айтылат. Мисалы, сиз жеке аккаунт ачып, катталуу боюнча сыр сөздү тандоо, аты-жөнүңүздү жазуу сыяктуу кадимки катталууга тиешелүү нускамалар берилет. Мындай бардык иш-аракеттер мыйзамдуу жүрүп жаткандай сыңары көрсөтүү үчүн жасалат», - дейт  киберкоопсуздук боюнча серепчи  Евгений Питолин.

Адис адамдарды мындай билдирүүлөр келгенде этият болууга чакырат. Ал кандайдыр бир чара көрүүдөн мурун аны жакшылап окуп чыгыш керектигин айтат. Адис алданып калбоо үчүн бир катар кеңештери  менен бөлүштү.

«Почтага, социалдык тармактарга жана мессенджерлерге келген шектүү шилтемелерди ачпаганыңыз оң. Көп учурда чоң утуш же арзандатылган кызмат түрлөрү сунушталат. Көпчүлүк оңой эле акча тапсам болот деп алданып калышат. Шашылбай ал жөнүндө маалыматты чогултуп алуу керек», - дейт серепчи.

Кырдаалдан пайдаланууну каалагандар өкмөттүн мындай кеңештерине жана көптөгөн эскертүүлөрүнө көңүл бурбагандай көрүнөт. Акыркы 8 айда эле эл аралык лабораториянын адистери 4970 скамерлик-ресурстарды аныкташкан.

 

Фото: advokatura.kz


×