Казакстан-Румыния: билим тармагындагы кызматташтык

Казакстан-Румыния: билим тармагындагы кызматташтык

Казакстандын элчиси Нурбах Рустемов менен Румыниянын Билим берүү жана илим министри Моника-Кристина Анисинин жолугушуусунда эки өлкөнүн билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Казак дипломаты өз сөзүндө студенттер көбүнчө Румыниянын жогорку окуу жайларында билим алууну каалашарын белгиледи. Буга байланыштуу тараптар келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, атап айтканда өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумунун жүрүшүндө эки тараптуу негизде кошумча жылдык гранттар маселесин карап көрүүнү макулдашты. Мындан тышкары, Казакстан менен Румыниянын ЖОЖдору ортосунда байланыш түзүү улантылат.

Ошондой эле, Румыния тарап кызматташууну активдештирүү максатында жакынкы аралыкта эки өлкөнүн билим берүү министрлеринин ортосунда видео конференция өткөрүүгө кызыктар экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, учурда 40 казакстандык Румынияда билим алып жатат. Алар Румыниянын университеттеринде медицина, каржы, экономика, искусство, IT, психология жана актёрдук чеберчилик боюнча билим алууда.


×