Казакстандык дипломдор Европада жарамдуу болот

Казакстандык дипломдор Европада жарамдуу болот

Эми Казакстандын ЖОЖдорунун дипломдору Европа өлкөлөрүндө жарамдуу болот. Келерки жылдан баштап өлкөнүн жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө жаңыланган тиркемелери бар дипломдор берилет. Бул тиркемеде өлкөдө алган жогорку билимдин квалификациясы европалык категорияга милдеттүү түрдө дал келиши керек. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында, бул чет элдиктердин Казакстандын жогорку окуу жайларынын билимине делген кызыгуусун арттырат.

«Бул Казакстан Республикасынын Жогорку билим берүү Улуттук квалификациясы алкагында өзүн-өзү сертификаттоо боюнча отчётун Болон жараянынын Катчылыгы тарабынан кабыл алынган шартта жеткиликтүү болуп олтурат. Башкача айтканда, Европа өлкөлөрүндө биздин өлкөнүн университеттеринин дипломдору жарактуу болуп калды», - деп айтылат РКнын Билим берүү жана илим министрлигинин кабарлоосунда.

Белгилей кетсек, докладды даярдоо үчүн Билим берүү жана илим министринин буйругу менен мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына Билим берүү жана илим министрлигинин, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин, «Атамекен»  Улуттук ишкерлер палатасынын, тармактык ассоциациялардын жана Казакстандын ЖОЖдорунун өкүлдөрү кирди.

«Өзүн-өзү сертификаттоо боюнча отчёт Жогорку билим берүү үчүн Улуттук квалификациялык алкактын Европалык жогорку билим берүү мейкиндиги менен шайкештиги жана салыштырмалуулугун көрсөттү», - деп кабарлайт министрлик.

Серепчилердин айтымында, бул Казакстандын жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү боюнча улуттук системанын Европалык жогорку билим берүү мейкиндигинин билим берүү тутумдары менен ийгиликтүү шайкештигинин айкын далили.

 

Фото: inform.kz


×