Аль-Фарабинин туулган жеринде ойчулдун эстелиги менен аллеясы жаңыланууда

Аль-Фарабинин туулган жеринде ойчулдун эстелиги менен аллеясы жаңыланууда

Быйыл Казакстан аль-Фарабинин 1150 жылдыгын белгилөөдө. Окумуштуунун эмгектерин кеңири жайылтуу максатында эл аралык, улуттук жана аймактык деңгээлдерде ар кандай форматтагы онлайн иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Ийги иштер аль-Фарабинин туулуп-өскөн жери Отырар аймагында улантылууда.

«Дүйнөгө белгилүү улуу ойчулдун 1150 жылдыгы быйыл кеңири белгилениши керек деп мерчемделген. Бирок кооптуу   илдеттин айынан пландар өзгөрдү. Буга байланыштуу Даңктуу балдар аллеясы ал-Фарабиге арналган аллея болду. Эми 1150 жылдык мааракеге карата быйыл жаңы күтүүсүз белектерди тартуулап, жандандыралы деп жатабыз. Себеби, 18 жыл мурун курулган дүйнө азыркы заманбап курулуш материалдары менен жаңы мүмкүнчүлүктөр аркылуу жаңыланууда. Аль-Фараби атындагы Руханият музейи да ойчулдун 1150 жылдыгына арналган. Бабабыздын эстелигигинин эскилиги жеткен. Жаңыртып, жаңыча көрсөтсөк  деген ой менен аталган иштерди жасап жатабыз», - деди  Отырар районунун акими Абдигали Жунусов.

Аны менен катар, мааракеге карата район борборуна кире бериште «Домбра менен Кобыз» монументи тургузулду.

«Долбоордун наркы 85 миллион теңгени түзөт. Районго келген коноктор алгач ушул жерге токтоп, аймактагы тарыхый жайлар жана ыйык жерлердин картасы менен таанышат. Учурда район борборунун көчөлөрүнө тротуарлар төшөлүп, жашылдандыруу иштери жүрүп жатат», -  дейт Отырар райондук турак-жай бөлүмүнүн башкы адиси Сержан Абанов.

 

Фото: 24.kz