Казакстанда 2020-жылы мамлекеттик кызматкерлердин 10%, 2021-жылы 15% кыскарат

Казакстанда 2020-жылы мамлекеттик кызматкерлердин 10%, 2021-жылы 15% кыскарат

Мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында оптимизация жүргүзүлөт. Казакстан Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин төрагасы Анар Жайылганова Борбордук башкаруу кызматында өткөн брифингде мамлекеттик башкарууну реформалоо тууралуу айтып берди. Эске салсак, Президенттин тапшырмасы менен келерки жылы мамлекеттик кызматкерлердин саны 25% кыскарат. Ушул жылдын аягына чейин кыскартуу көрсөткүчү 10% түзөт.

Агенттиктин маалыматы боюнча, мамлекеттик кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 97 миң адамды түзөт. Бул экономикалык жигердүү калктын 1,1 пайызы. Башкача айтканда, өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй. Агенттик кызматкерлердин кыскартылышы жумуштун көлөмүнүн көбөйүшүнө, жумуштун сапатынын төмөндөшүнө жана эмгекти натыйжасыз бөлүштүрүүгө алып келбеши үчүн эки нерсени унутпоону сунуштайт.

«Биринчиден, оптималдаштырыла турган кызматтарды аныктоодо биринчи кезекте туруктуу бош орундар каралат. Бүгүнкү күндө бош орундардын жалпы саны болжол менен 8 миң бирдикти же мамлекеттик органдардын жалпы санынын 8,5% түзөт. Мындан тышкары, ар жылы пенсияга чыккандыгына байланыштуу миңден ашуун кызматкер кыскартылып, 6 миңге жакын кызматкер жеке тармакка жана башка уюмдарга алмашат. Бул резервди колдонуу мамлекеттик кызматкерлердин конкреттүү  кыскартылышын болушунча азайтууга мүмкүндүк берет деп ойлойбуз. Ошентип бул мамлекеттик кызматкерлерди механикалык кыскартуу эле эмес, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында оптималдаштыруу болот», - деди Анар Жайылганова.

Оптимизациялоонун натыйжасында иштин кайталанышы болбойт, ашыкча жетекчилер четтетилет, артыкчылыктуу эмес милдеттер атаандаштык чөйрөсүнө өткөрүлүп берилет жана бизнес жараяндар кыйла автоматташтырылат.

«Кызматкерлердин социалдык жактан колдоого муктаж категорияларын коргоону, ошондой эле кыскартууга дуушар болгон адамдардын жумуш менен камсыз болушун камсыздоо зарыл. Учурда кош бойлуу аялдар Эмгек кодексине ылайык кыскартууга жатпайт; 3 жашка чейинки балдары бар энелер; жалгыз бой энелер; балдарды энесиз тарбиялаган башка адамдар; ошондой эле пенсияга чыгууга 2 жылдан кем калган кызматкерлер. Буга байланыштуу жогоруда аталган мамлекеттик кызматкерлердин укуктарынын сакталышы көзөмөлгө алынат. Мындан тышкары, Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда эмгек тажрыйбасы кеминде 3 жыл болсо, жумуштан бошогон учурда эмгек акысын төлөө каралган», - деди Агенттик башчысы.

Агенттикте бул норма мамлекеттик аппараттын үзгүлтүксүздүгүн калыптандырууга түрткү болуп саналат. Ошондой эле лидерлерге социалдык жактан колдоого муктаж катмарга кирген мамлекеттик кызматкерлерге, айрыкча үй-бүлөдөгү жалгыз бой багуучуларга тийбөө жана жумушунан кол жууган кесиптештерине жумуш табууга жардам берүүгө кеңеш берилет, деди спикер.

 

Фото: zakon.kz