Кожа Ахмет Яссауи күмбөзүндө изилдөө, талдоо иштери жүргүзүлүүдө

Кожа Ахмет Яссауи күмбөзүндө изилдөө, талдоо иштери жүргүзүлүүдө

Борбордук Азиядагы уникалдуу экспонаттардын бири болгон Кожа Ахмет Яссауинин күмбөзүн сактоо. Бул максатта орто кылымдагы архитектура искусствосунун көрүнүктүү эстелигинин пайдубалынан баштап, куполго чейин дыкат изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Буга байланыштуу Казакстандын курулуш жана архитектура илим изилдөө институтунда илимпоздордон турган серепчилер тобу түзүлдү. Бул тууралуу Азирет Султан Мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейи билдирди.

Алдыга коюлган максат - дубалдарды жана курулуш материалдарын, ошондой эле кыш менен курулган ири курулуштун техникалык абалын анализдөө, кылымдарды карыткан объекттин курулушун көзөмөлдөө, табигый кырсыктардын кесепеттерин жана ар кандай факторлорду аныктоо. Окумуштуулар ага керектүү курулуш материалдарынын жарамдуулугун, ар кандай ички жана тышкы таасирлерден жабыркаган жерлерди же жумуш жүргүзүлүшү керек болгон аймактарды аныктап, өз сунуштарын даярдашат.

«Учурдагы табылгаларыбыз боюнча күмбөздүн пайдубалы бекем жана жакшы абалда. Бул багыттагы калыбына келтирүү иштери да оң натыйжаларын берди десек болот. Имараттын дубалдарынын жана ар кандай бөлүктөрүнүн сейсмикалык жана башка туруктуулугун аныктоо үчүн атайын шаймандарды колдонуп жатабыз. Анализдин так чечими борбордогу тиешелүү илимпоздордун Алматыдагы жолугушуусунан кийин кабыл алынып, жыйынтыгы белгилүү болот. Күмбөздүн бышыктыгы жөнүндө айтуу азырынча эрте»,- деди Казак курулуш жана архитектура илимий-изилдөө институтунун өкүлү Сырымбек Ержанов.

Белгилей кетсек, Кожа Ахмет Яссауи күмбөзү ири курулуштардын бири. Анын бийиктиги 37,5 метр, туурасы 46,5 метр жана узундугу 65 метр. Дубалдардын калыңдыгы 1,8 метрден 3 метрге чейин. Борбордук залдын айланасында ар кандай багыттагы 35 бөлмө бар. Күмбөздүн курулушуна өткөн жылы ЮНЕСКОнун адистери тарабынан талдоо жүргүзүлгөн.

 

Фото: e-history.kz